Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга ишенүү үчүн туура себеп

Кудайга ишенүү үчүн туура себеп

Кудайга ишенүү үчүн туура себеп

«ЖАШТАРДЫН чиркөөгө барбай калышканынын 31 себеби» деген Кореяда чыккан китепте көптөрдүн «Кудайга ишенгендер эмне үчүн азап тартышат?» же «Чиркөөдөгү көптөгөн окуулар чаташып, бири-бирине карама-каршы келип жатса, аякта айтылгандардын баарына эмне үчүн ишенишибиз керек?» деген сыяктуу суроолорго канагаттандырарлык жооп табышпагандыктан чиркөөгө барбай калышары айтылат («31 Reasons Why Young People Leave the Church»).

Көптөр чиркөө кызматчыларынан жарытылуу жооп укпагандыктан Ыйык Китептен жооп табуу мүмкүн эмес деген тыянакка келишет. Андан сырткары, чиркөө кызматчысынын толугу менен өз көзкарашына негизделген жообу көп учурда туура эмес түшүнүккө, ал тургай Кудайды жана Ыйык Китепти четке кагууга алып келет.

Түштүк Африка Республикасында лютерандардын үй-бүлөсүндө чоңойгон Эйбел: «Чиркөөдө өлгөндөрдүн баарын Кудай „алып кетет“ деп окутат. Бирок мен мээримдүү Кудайдын эмне үчүн ата-энелерди балдарынан ажыратып „алып кетерин“ түшүнө алчу эмесмин. Африкадагы мен өскөн кыштакта тоокту жөжөлөрү чоңойгуча өлтүрчү эмеспиз. Ошондой эле уйдун бооз экени билинсе, аны, тууганча жана музоосу чоңойгуча, сойчу эмеспиз. Мээримдүү Кудайдын адамдарга эмне үчүн ушундай эле түшүнүү менен мамиле кылбаарына акылым жетчү эмес»,— деп эскерет.

Канадалык Арамды да ушу сыяктуу ойлор тынчсыздандырчу. Арам: «13 жашымда атам каза болуп калган. Сөөк коюу каадасы аткарылып жатканда, кадыр-барктуу чиркөө кызматчысы Кудайдын атамдын өлүп, асманда анын жанында болушун каалаганын айткан. Ал: „Кудай жакшы адамдарды алып кетет, себеби ал ыймандууларды жакшы көрөт“,— деген. Ушундан улам Кудай ушунчалык өзүмчүлбү деп түшүнчү эмесмин»,— дейт.

Акыры Эйбел да, Арам да Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китепти изилдөө аркылуу суроолоруна жооп табышкан. Натыйжада алардын Кудайга болгон сүйүүсү өсүп, ишенимдери бекемделген да, өмүрлөрүн Жахабага арнашып, анын ишенимдүү кызматчыларынан болушкан.

Так билим — Кудайга ишенүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү фактор

Жогоруда келтирилген мисалдардан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайга ишенүү үчүн ыйык китептик так билим маанилүү. Элчи Пабыл Ыйсанын байыркы Филипи шаарындагы жолдоочуларына: «Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам»,— деп айткан (Филипиликтерге 1:9). Пабыл бул жерде Кудайга жана ишенимдештерге болгон сүйүүнү Кудайдын эркин так таанып-билүү менен байланыштырган.

Бул орундуу, анткени адамга таянуу жана ишеним артуу үчүн, аны жакшы билүү зарыл. Ал адамды канчалык жакшы билсек, ага болгон ишенимибиз ошончолук артат. Анын сыңарындай эле, Кудайга ишенүү үчүн, ал жөнүндө так билим алышыңар керек. Пабыл: «Ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү»,— деп айткан (Эврейлерге 11:1). Ыйык Китептеги так билимге негизделбеген ишеним кумга курулган жана оңой кулап калчу үйгө окшош.

Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында көптөгөн суроолорго, маселен, Эйбел менен Арамды узак убакытка чейин тынчсыздандырган «Адамдар эмне үчүн өлөт?» деген сыяктуу суроолорго жооп таба аласыңар. Ыйык Китепте: «Дүйнөгө бир адам аркылуу күнөө кирди, күнөө аркылуу өлүм кирди. Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү. Себеби бардыгы күнөө кетиришти»,— деп түшүндүрүлөт (Римдиктерге 5:12). Адамдар, Кудай аларды өзүнө алып кетип жаткандыктан эмес, а Адам ата күнөө кетиргендиктен, карып жана өлүп жатышат (Башталыш 2:16, 17; 3:6, 17—19). Мындан сырткары, Ыйык Китептен Жахаба Кудай тартуулаган чыныгы үмүт тууралуу да билебиз. Ал өзүнүн Уулу Ыйса Машайак аркылуу күнөөкөр адамзатка тирилүүгө үмүт берүүдө (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15).

Тирилүү жөнүндөгү чындыкты түшүнүшүбүзгө жардам болушу үчүн, Ыйык Китепте Ыйсанын бир нече адамды тирилткендиги жазылган (Лука 7:11—17; 8:40—56; Жакан 11:17—45). Ал ыйык китептик билдирүүлөрдү окуп жатканда тирилтилгендердин достору менен туугандары кандай сүйүнүшкөнүнө көңүл бурсаңар. Ошондой эле алардын Ыйсага ишенүүгө жана Кудайды даңктоого түрткү алышканын да байкасаңар.

Кудай жана анын ой-ниеттери тууралуу так билим азыркы мезгилде да адамдарга ушундай эле таасир эте алат. Көптөр олуттуу суроолордун үстүнөн ойлонуп, жооп таппай кыйналып келишкен. Табылган күндө да жооптор алардын башын андан бетер маң кылып, тынчын алып, ал эмес, ишенимин кыйраткан. Бирок Ыйык Китепти изилдөө менен алар суроолоруна жашоолорун толугу менен өзгөртүүгө түрткү берген жоопторду табышкан.

Сүйүү — Кудайга кызмат кылуунун негизги себеби

Кудайга ишенүү үчүн, так билим керек, бирок ага баш ийүүгө жана кызмат кылууга түрткү алыш үчүн бул жетишсиз. Ыйсадан осуяттардын эң жогоркусу кайсы деп сурашканда, ал: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!» — деп айткан (Марк 12:30). Эгер адам Кудайды Ыйса айткандай сүйсө, ага даярдуулук менен баш ийип, кызмат кылат. Силер Кудайды ушундай сүйөсүңөрбү?

Рейчел көп жылдардан бери Кореяда миссионер болуп кызмат кылат. Ал Кудайга эмне себептен ишенери тууралуу мындай дейт: «Мен Жахабанын жаратууларына болгон марттыгы, өзүнүн элин кечирүүгө даярдуулугу, бизди пайдалуу нерсеге үйрөтүп жана бизден эмне талап кыларын ачып берип жатканы тууралуу ойлоном. Ушулардын бардыгы Кудайга болгон сүйүүмдүн өсүшүнө өбөлгө түзөт. Анан ошол сүйүү ага кызмат кылууга болгон каалоомду арттырып турат».

Германияда жашаган Марта аттуу жесир аял Жахабага 48 жылдан бери кызмат кылат. Ал: «Жахабага эмне себептен кызмат кылып жатам? Себеби аны сүйөм. Күнүгө кечинде Жахабага тиленүү аркылуу кайрылып, чын жүрөгүмдөн ага бардык белектери, өзгөчө, куткаруу курмандыгы үчүн канчалык ыраазы экенимди айтам»,— дейт.

Ооба, Кудайга жан-дилден кызмат кылууга ага болгон сүйүү түрткү берет. Бирок мындай сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот? Алгач Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсүнө ыраазычылык арттыруу зарыл. Ыйык Китептеги кошкөңүл калтырбаган төмөнкү эскертүүгө көңүл бурсаңар: «Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү. Кудайдын сүйүүсү бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, Кудай бул дүйнөгө Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди. Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүздүн кунун төлөш үчүн, Өз Уулун курмандык катары берди» (1 Жакан 4:8—10).

Кудайдын сүйүүсү канчалык күчтүү экенин түшүнүп жатасыңарбы? Мисалы, буркан-шаркан түшкөн сууда агып баратканыңарда кимдир бирөөнүн өз өмүрүн тобокелге салып, силерди куткарып калганын элестетсеңер. Ал адамды унутуп коёт белеңер же ага терең ыраазычылык билдирип, ал үчүн колуңардан келгендин бардыгын кылууга даяр болот белеңер? Өзүнүн Уулун, Ыйса Машайакты, биз үчүн курмандыкка берген Кудайдын сүйүүсү мындан алда канча күчтүү (Жакан 3:16; Римдиктерге 8:38, 39). Кудайдын сүйүүсү жүрөгүңөрдү козгогондо, аны сүйүүгө жана ага чын жүрөктөн кызмат кылууга түрткү аласыңар.

Учурдагы жана келечектеги баталар

Кудайга, баарынан мурда, аны сүйгөндүктөн кызмат кылып жатсак да, бизди анын өз кызматчыларына батасын берерин билүү кубандырат. Элчи Пабыл ушул ойду: «Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп баса белгилеген (Эврейлерге 11:6).

Кудайды сүйүп, ага баш ийгендер, чындап эле, бата алышууда. Ыйык китептик принциптерге кармангандыктан көптөрүнүн денсоолугу чыңыраак (Накыл сөздөр 23:20, 21; 2 Корунттуктарга 7:1). Чынчылдык менен тырышчаактыкка байланыштуу принциптерди сактагандар болсо жумушундагы жетекчилеринин ишенимине ээ жана материалдык жактан камсызыраак жашашат (Колостуктарга 3:23). Жахабанын кызматчылары ага таянуу менен атүгүл оор шарттарда да жан-дүйнөсүнүн бейкуттугун жоготушпайт (Накыл сөздөр 28:25; Филипиликтерге 4:6, 7). Баарынан маанилүүсү, алар жакын арада жер үстүнө орной турган бейиште түбөлүк өмүргө ээ болууну толук ишеним менен күтүшүүдө (Забур 36:11, 29).

Ушу сыяктуу баталарды алып жаткандар Жахабага карата кандай сезимде? Ыйсаны жолдогон канадалык Жаклин Кудайга болгон ыраазычылыгын мындайча билдирет: «Анын берген белектеринин баары эң сонун жана ал түбөлүк өмүргө да бекем үмүт берип жатат»,— дейт. Жогоруда сөз болгон Эйбел сезимдери тууралуу мындай дейт: «Жер бетинде бейиште түбөлүк жашаса болорун мурда такыр уккан эмесмин, азыр болсо ошол учурду күтүп жатам. Бирок Кудай бейишти убада кылбаган күндө да, ага кызмат кылып, ошону менен сүйүүмдү көрсөтмөкмүн».

Силер да бекем ишенимге ээ боло аласыңар

Ыйык Китепте: «Теңир Себайот, адамдын жүрөгү менен ичин сынаган адилеттүү Сот»,— деп айтылат (Жеремия 11:20). Ооба, Жахаба жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү жашыруун нерселерди сынайт. Ар бирибиз Кудайга эмне себептен ишенип жатканыбызды текшерип көрүшүбүз зарыл. Кудай жөнүндөгү жалган окуулар менен түшүнүктөр, балким, буга чейин туура эмес иш кылышыбызга себеп болгондур. Бирок Ыйык Китептеги так билим Жараткан, Жахаба Кудай, менен жакшы мамиле өрчүтүшүбүзгө жардам бере алат (1 Тиметейге 2:3, 4).

Жахабанын Күбөлөрү үйдөн акысыз ыйык китептик изилдөө өткөрүү менен адамдарга Кудайды таанып-билүүгө жардам берип жатышат (Матай 28:20). Ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалангандардын көптөрү Кудайга карата сүйүү жана ишеним өрчүтүштү. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында ал адамдар азыркы оор мезгилде коопсуз жашоого жардам берген «туура ой жүгүртүү жана эстүүлүккө» ээ болушту (Накыл сөздөр 3:21—23). Баарынан маанилүүсү, эми аларда келечекке карата «үмүт жана бекем ишеним» бар (Эврейлерге 6:19). Силер да бекем ишенимге ээ болуп, ушу сыяктуу баталарды алсаңар болот.

[3–беттеги кутуча]

Жооп талап кылган оор суроолор

«Студент кезимде ооруканада медициналык практикада жүргөндө жакшы адамдардын оорунун же кырсыктын айынан кыйналышканын көрчүмүн. Кудай бар болсо, ушундай нерселер эмнеге болот? Дин жан-дүйнөнүн бейкуттугунан бөлөк эч нерсе бере албайбы?» (мурун диний кызматкер болгон адам, Корея).

«Аракечтиктен каза болгон атам тозоктобу же асманга кеттиби деп көп ойлончумун. Өлгөндөр жана тозок оту тууралуу ойлогондо аябай коркчумун. Кудайдын мээримдүү болуп туруп кимдир бирөөнү түбөлүк кыйноо үчүн тозокко кантип жиберерин түшүнчү эмесмин» (мурун католик болгон аял, Бразилия).

«Жер менен адамзаттын келечеги кандай? Адамдар канткенде түбөлүк жашай алышат? Канткенде бекем тынчтыкты орното алышат?» (мурун католик болгон киши, Германия).

«Жандын башка түргө өтүүсү жөнүндөгү окуу мага логикага жатпачудай көрүнчү. Айбандар Кудайга кызмат кыла алышпайт, андыктан күнөөлөрүң үчүн айбанга айлансаң, кантип оңолуп, жогорку чындыкка кантип жетесиң?» (мурун индус болгон адам, Түштүк Африка Республикасы).

«Мен конфуцийчиликти туткан үй-бүлөдө чоңойгом жана ата-бабаларга сыйынууга арналган ырым-жырымдарга катышчумун. Курмандык тамагын даярдоого жардамдашканда жана жүгүнүп ызаат кылып жатканда өлгөн туугандарыбыздын тамак-аштарды чын эле жээр-жебесин жана биздин жүгүнгөнүбүздү көрөр-көрбөсүн билгим келчү» (мурун конфуцийчиликти туткан адам, Корея).

Ушул адамдардын бардыгы Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдөө аркылуу суроолоруна жооп табышкан.