Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүңдү татыктуу алып жүрүү менен Жахабаны даңкта

Өзүңдү татыктуу алып жүрүү менен Жахабаны даңкта

Өзүңдү татыктуу алып жүрүү менен Жахабаны даңкта

«Анын [Жахабанын] иши — даңк жана сулуулук» (ЗАБ. 110:3).

1, 2. а) «Урматталууга татыктуу» деген сөз айкашы кандай мааниге ээ? б) Бул макалада кандай суроолор каралат?

ЖАХАБА КУДАЙ терең урматка татыктуу экенин көрсөтүп, забурчу: «Теңирим, Кудайым! Сен укмуштуудай улуусуң, Сен даңк менен улуулукка чулгангансың»,— деген (Заб. 103:1). Адамдардын да сырткы көрүнүшүн тыкан алып жүрүү менен урмат-сыйга ээ боло аларын элчи Пабылдын сөздөрүнөн көрүүгө болот. Ал Ыйсаны жолдогон аялдар жөнүндө: «Өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен... жасалгалашсын»,— деген (1 Тим. 2:9, 10). Бирок Жахабанын «даңкы» менен «сулуулугун» чагылдыруу сырткы көрүнүштүн тыкан болушунан да көптү билдирет (Заб. 110:3).

2 «Урматталууга татыктуу» деген маанини туюнткан сөз эврей тилинде «сулуу», «улуу», «даңктуу», «сыймыктуу» деп да которулат. Жахаба «урматталууга», тактап айтканда, «даңкталууга» татыктуу, Ааламдагы баарынан жогору турган — Кудай. Андыктан биз анын кызматчылары катары өзүбүздү татыктуу, аны даңктагыдай алып жүрүүгө тийишпиз. Эмне себептен адам баласы Жараткандын даңкын чагылдыра алат деп айтууга болот? Жахабанын даңкы менен улуулугун эмнеден көрүүгө болот? Кудайдын улуулугу бизге кандай таасир этиши керек? Ыйса Машайактын Кудайдын улуулугун чагылдырганынан эмнеге үйрөнө алабыз? Кудайдын даңкын кантип чагылдырсак болот?

Эмне себептен Жахабанын даңкын чагылдыра алабыз?

3, 4. а) Ыйгарылган даңкка байланыштуу бизден эмне талап кылынат? б) Забур 8:6—10-аяттарда жазылгандар кимге тиешелүү? (Шилтемени кара.) в) Жахаба байыркы убакта кимдерге даңк ыйгарган?

3 Адамдар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан, анын даңкын чагылдыра алышат. Жахаба биринчи адамды жерге кам көрүүгө дайындап, анын беделин көтөргөн (Башт. 1:26, 27). Адамдар жеткилеңдигинен айрылып калганда да, Кудай аларды ал милдеттен ажыраткан эмес. Ошону менен Кудай аларга даңкты «таажы» кылып кийгизген (Оку: Забур 8:6—10) *. Жахаба бизге даңкты «таажы» кылып кийгизгендиктен, бизден да анын даңкын чагылдыруу — анын ысмын даңазалап, өзүбүздү татыктуу алып жүрүү — талап кылынат.

4 Жахаба өзүнө кызмат кылгандарды өзгөчө кадыр-баркка, даңкка ээ кылат. Маселен, ал Кабылдын эмес, анын иниси Абылдын курмандыгын кабыл алып, анын беделин көтөргөн (Башт. 4:4, 5). Ошондой эле, Жахабанын буйругуна ылайык, Муса ысрайылдыктардын жаңы жолбашчысы Жашыяга «өз даңкынан» берген (Сан. 27:20). Ал эми Дөөттүн уулу тууралуу: «Теңир бүткүл Ысрайылдын көз алдында Сулаймандын зоболосун көтөрдү. Ага буга чейин Ысрайылдын эч бир падышасы ээ болбогон падышачылык атак-даңкты берди»,— деп айтылган (1 Жылн. 29:25). Ыйсанын бийлигинин «улуу даңкы» жөнүндө жар салган майлангандарды да Кудай өзгөчө даңкка бөлөйт (Заб. 144:11—13). Жахабанын ысмын даңазалап, Ыйсанын башкаруусун колдоп жаткан «башка... койлорго» да даңк ыйгарылат (Жкн. 10:16).

Жахабанын даңкы менен улуулугун эмнеден көрүүгө болот?

5. Жахаба канчалык улуу?

5 Кудайдын адамдарга салыштырмалуу канчалык уулу экени жөнүндө ырдап, Дөөт: «Теңирибиз, Кудайыбыз! Сенин ысымың жер жүзүндө кандай улуу! Сенин даңкың асмандан да алыс кетти!» — деген (Заб. 8:2). «Асман менен жер» жаралганга чейин Кудайга эч ким тең келген эмес, жер бейишке айланып, адамзат жеткилеңдикке жеткенден кийин да ага эч ким тең келе албайт. Ооба, Жахаба кылымдардан кылымга Ааламдагы эң улуу Кудай болуп кала берет (Башт. 1:1; 1 Кор. 15:24—28; Аян 21:1—5).

6. Забурчуга Жахабаны «даңк менен улуулукка чулганган» деп айтууга эмне түрткү берген?

6 Забурчуга жымжырт түндө жымыңдаган сан жеткис жылдыздарга байкоо салуу терең таасир эткен көрүнөт. Ал Жахабанын бардыгын укмуштуудай чебердик менен жаратканына, «асманды чатырдай» жайып койгонуна суктанып: «Сен даңк менен улуулукка чулгангансың»,— деп айтууга түрткү алган (Оку: Забур 103:1, 2). Ырас, кудурети зор Жараткандын көзгө көрүнбөгөн улуулугун анын көзгө көрүнгөн иштери айгинелеп турат.

7, 8. Жахабанын улуулугун Аалам кандайча күбөлөндүрүп турат?

7 Саманчынын жолу галактикасын мисалга алалы. Андагы Күн системасынын, сансыз жылдыздардын жана планеталардын арасында Жер жээктеги эсепсиз кумдун бир бүртүгүндөй эле болуп калат. Ойлоп көрсөңөр, ушул эле галактикада 100 миллиарддан ашуун жылдыз бар! Эгер күн сайын 24 саат бою секундасына бир жылдыздан санай турган болсок, алардын бардыгын санап чыгуу үчүн 3 000ден ашык жыл кетмек!

8 Саманчынын жолу галактикасында эле 100 миллиард жылдыз бар болсо, анда Аалам тууралуу эмне айтууга болот? Астрономдордун эсептөөсү боюнча, галактикалардын саны 50 миллиарддан 125 миллиардга чейин жетет. Анда Ааламда канча жылдыз бар? Алардын санын так аныктоого адам баласынын кудурети жетпейт. Бирок Жахаба алардын «санын эсептейт, алардын ар бирин атынан атайт» (Заб. 146:4). Жахабанын ушундай даңкка жана улуулукка «чулганганын» көрүү сага анын улуу ысмын даңазалоого түрткү бербейби?!

9, 10. Нандын жасалышы Жаратканыбыздын даанышмандыгын кандайча көрсөтүп турат?

9 Келгиле эми, жөнөкөй эле нерсени — нанды — мисалга алалы. Жахаба «асман менен жердин» Жаратуучусу болгондон тышкары, «ачкаларга нан берген» камкор Кудай (Заб. 145:6, 7). Анын «даңкын» жана «сулуулугун» укмуштуудай жаратууларынан, анын арасында нан жасала турган дан өсүмдүктөрүнөн да көрүүгө болот (Оку: Забур 110:1—5). Ыйса шакирттерин: «Бизге күнүмдүк наныбызды бер»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:11). Нан байыркы убактагылардын, алардын ичинде ысрайылдыктардын да негизги тамагы болуп эсептелген. Ал азык-түлүктүн ичинен курамы боюнча жөнөкөй болсо да, бышып даяр болгонго чейин анда жүргөн химиялык процессти жөнөкөй деп айтууга болбойт.

10 Байыркы мезгилде ысрайылдыктар нанды буудайдын же арпанын унунан жасашкан. Айрым учурларда камырга ачыткы да кошуп жуурушкан. Ун, суу, ачыткы сыяктуу жөнөкөй эле заттар аралашып, бир канча химиялык татаал бирикмелерди пайда кылат да, бири-бири менен өз ара аракеттенишет. Бирок анын кандайча жүрөрүн эч ким толук түшүндүрө албайт! Нандын ашказанда сиңиши да өзүнчө бир табышмак. Андыктан забурчунун: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың»,— дегени таң калыштуу эмес (Заб. 103:24). Ушулар тууралуу ойлонгондо, сен да Жахабаны даңктоого түрткү аласыңбы?

Кудайдын улуулугу бизге кандай таасир этет?

11, 12. Кудайдын жаратуулары тууралуу ой жүгүртүү бизге кандай таасир этет?

11 Түнкү асмандын кооздугуна суктануу үчүн астроном, ал эми нандын даамдуу экенин сезиш үчүн химик болуунун зарылдыгы жок. Анткен менен Жараткандын улуулугун баалоо үчүн анын жаратуулары тууралуу ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнүбүз маанилүү. Андай ой жүгүртүү бизге кандай таасир этет? Жахабанын башка иштери тууралуу ой жүгүртүү кандай таасир этсе, бул да ошондой таасир этет.

12 Жахабанын өз эли үчүн кылган улуу иштери тууралуу Дөөт: «Мен болсо Сенин улуулугуңдун зор даңкы жөнүндө жана Сенин укмуштуу иштериң жөнүндө ойлоном»,— деп ырдаган (Заб. 144:5, «ҮН»). Жахабанын ошол улуу иштерине кызыкдар экенибизди Ыйык Китепти окуп, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү менен көрсөтөбүз. Мунун кандай пайдасы бар? Кудайдын кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүртүү аркылуу анын улуулугун тереңирээк түшүнөбүз. Андан тышкары: «Сенин улуулугун жөнүндө... жарыя кылам»,— деген Дөөткө окшоп, Жахабаны даңктоого түрткү алабыз (Заб. 144:6). Ошондой эле Кудай менен болгон мамилебиз бекемделет жана ал жөнүндө башкаларга шыктануу менен, ишенимдүү түрдө айтабыз. Сен да жакшы кабарды жарыялоого, башкаларга Жахаба Кудайдын даңкын, улуулугун, кудуретин көрүүгө жардам берүүгө ынталуулук менен катышып жатасыңбы?

Ыйса Кудайдын улуулугун жеткилең түрдө чагылдырган

13. а) Даниел 7:13, 14-аяттарга ылайык, Жахаба Уулуна эмне берген? б) Ыйса Падыша катары өзүнө баш ийгендерге кандай мамиле кылат?

13 Ыйса Машайак жакшы кабарды ынталуулук менен айтып, асмандагы Атасынын улуулугун даңазалаган. Жахаба жалгыз өзү жараткан ал сүйүктүү Уулуна бийлик берүү менен аны өзгөчө даңкка бөлөгөн (Оку: Даниел 7:13, 14). Ошентсе да Ыйса менменсинип, текеберденип кеткен эмес. Тескерисинче, ал боорукер Башкаруучу экенин, өзүнө баш ийгендердин мүмкүнчүлүктөрүн эске аларын, алардын инсандык кадырын урматтаарын көрсөткөн. Падыша болууга майлангандан кийин да, анын башкаларга, ал тургай, эл жээрип, бөлүп салгандарга мамилеси өзгөргөн эмес. Муну көрсөткөн бир мисалга токтололу.

14. Байыркы Ысрайылда пес оорулууларга кандай мамиле кылышкан?

14 Байыркы убакта пес оорусу менен ооруган кишилер көпчүлүк учурда бир топ жылдар бою азап чегип жүрүп өлүшчү. Оору акырындан күчөп отуруп, кишинин бүт денесин жара басып кетчү. Андай ооруну айыктыруу өлгөн кишини тирилткенге эле барабар болгон (Сан. 12:12; 2 Пад. 5:7, 14). Адатта, пес оорулуулар таза эмес деп жарыяланып, коомдон обочо жашачу; эл да аларга жийиркенүү менен караган. Кимдир бирөө жакындаганда оорулуулар: «Таза эмесмин! Таза эмесмин!» — деп кыйкырууга тийиш болгон (Леб. 13:43—46). Ал илдетке чалдыккандар өлгөн кишидей эле эсептелинген. Раббиндер чыгарган эрежелерге ылайык, пес оорулууга, болжолу, 1,8 метрге жакын барбоо керек эле. Ал эми бир китепте кээ бир диний жетекчилердин пес оорулууларды өзүнө жакындатпаш үчүн таш менен согуп, кубалаганы айтылган.

15. Ыйса пес оорулууга кандай мамиле кылган?

15 Бир жолу пес оорулуу киши айыктыруусун суранып, жалынып-жалбарып келгенде, Ыйсанын эмне кылганына көңүл бурсаңар (Оку: Марк 1:40—42). Ал аны башкалардай болуп кубалап жиберген эмес, тескерисинче, боор ооруп, адамгерчиликтүү мамиле кылган. Ыйса анын зээни кейип, жаны кыйналып, жардамга канчалык муктаж болуп турганын көргөн. Ошондуктан ага жардам бербей коё алган эмес. Анан ага колун тийгизип, оорусунан айыктырган.

16. Ыйсанын башкаларга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Биз, Ыйсадан үлгү алып, Кудайдын улуулугун кантип чагылдыра алабыз? Бардык адамдар — коомдогу абалына, денсоолугуна же курагына карабай — сый-урматка татыктуу экенин түшүнүү менен чагылдырабыз (1 Пет. 2:17). Буга, өзгөчө, жетекчиликти колго алгандар — күйөөлөр, ата-энелер жана жыйналыштын аксакалдары — олуттуу карашы абзел. Алар өздөрү кам көргөндөрдү баалап, алардын инсандык кадыр-баркын сыйлашы керек. Анткен менен бул талап Ыйсанын бардык жолдоочуларына коюлган. Ыйык Китепте буга байланыштуу: «Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн сүйгүлө; бири-бириңерди озунуп урматтагыла»,— деп айтылган (Рим. 12:10).

Жахабага сыйынууда анын улуулугун чагылдыруу

17. Жахабага сыйынууда анын улуулугун чагылдырууга байланыштуу Ыйык Жазмада эмне айтылган?

17 Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Жахабанын улуулугун, өзгөчө, ага сыйынып жатканыбызда чагылдырууга тийишпиз. Насаатчы 4:17де: «Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка»,— деп айтылган. Мусага да, Жашыяга да ыйык жерде турушканда, бут кийимин чечиши керектиги буйрук кылынган (Чыг. 3:5; Жаш. 5:15). Алар Жахабаны терең урматтаарын көрсөтүү үчүн ал буйрукка баш ийүүгө тийиш эле. Ал эми Ысрайылдагы ыйык кызмат кылуучулардан «жылаңач этин жаба турган» зыгыр буласынан токулган кийим кийүү талап кылынган (Чыг. 28:42, 43). Бул алардын, курмандык чалынуучу жайда кызмат кылып жатканда, жылаңач этинин көрүнүп калышынан сактаган. Ыйык кызмат кылуучунун үйбүлөсү да өздөрүн татыктуу алып жүрүү менен Кудайдын улуулугун чагылдырууга тийиш болгон.

18. Жахабага сыйынууда анын улуулугун кантип чагылдыра алабыз?

18 Сыйынууда Кудайдын улуулугун чагылдырууга өзүбүздү татыктуу алып жүрүү да кирет. Бул бир нерсени элге көрүнүү үчүн эле кылууну билдирбейт. Өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүздү башкалар көрбөгөн күндө да, Кудай көрүп турат. Андыктан, эмне иш кылбайлы, бардыгын чын жүрөктөн жасашыбыз керек (1 Шем. 16:7; Накыл 21:2). Демек, Кудайдын улуулугун чагылдыруу жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, жүрүм-турумубузга, маанайыбызга жана башкалар менен болгон мамилебизге, атүгүл өзүбүзгө карата болгон көзкарашыбызга таасир этүүгө тийиш. Биз бардык учурда сөзүбүз менен да, ишибиз менен да Кудайдын даңкын чагылдырууга умтулушубуз зарыл. Ал эми жүрүм-турум, кийим, чач жасалга тууралуу сөз болгондо, элчи Пабылдын: «Кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, эч кимге эч нерседе кедерги болбойбуз... Бардык учурда... өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз»,— деген кеңешине кулак кагышыбыз керек (2 Кор. 6:3, 8). Ошентип, «бардык жагынан биздин Куткаруучубуз Кудайдын окутуусуна жасалга» болобуз (Тит 2:9).

Кудайдын даңкын чагылдыра берели

19, 20. а) Башкаларды урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз? б) Кудайдын даңкын чагылдырууда эмне кылууга чечкиндүүбүз?

19 Ыйсанын майланган жолдоочулары — «Машайактын атынан келген элчилер» — Кудайдын улуулугу менен даңкын чагылдырышат (2 Кор. 5:20). Аларга ишенимдүүлүк менен колдоо көрсөткөн башка койлорго да Машайак башкарган Падышалыктын элчиси болуу сыймыгы берилген. Элчи, адатта, өзүнүн өкмөтүнүн атынан тайманбастык менен жана татыктуу түрдө сүйлөйт. Андыктан биз башкаларга Кудайдын өкмөтү, Падышалыгы, тууралуу тайманбастык менен, татыктуу түрдө айтышыбыз керек (Эф. 6:19, 20). «Кубанычты... кабарлоо» менен аларга урмат көрсөтөбүз (Ыш. 52:7).

20 Эмесе келгиле, мындан ары да өзүбүздү татыктуу алып жүрүү менен Кудайдын даңкын чагылдырууга чечкиндүү бололу (1 Пет. 2:12). Жахабаны жана ишенимдештерибизди ар дайым терең урматтап, сыйынуубузга байланышкан нерселердин баарына тийиштүү мамиле кылалы. Ошону менен бирге ыйык кызматыбыз «даңк менен улуулукка чулганган» Кудайыбызга жаккандай болушуна умтула берели!

[Шилтеме]

^ 3-абз. Дөөттүн 8-забурда айткан пайгамбарлыгы Ыйса Машайактын жердеги жашоосуна да тиешелүү (Эвр. 2:5—9).

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын улуулугу бизге кандай таасир этиши керек?

• Ыйсанын пес оорулууга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнөбүз?

• Жахабанын даңкы менен улуулугун кандай жолдор менен чагылдыра алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Жахаба Абылдын беделин кандайча көтөргөн?

[14-беттеги сүрөт]

Нан да Жахабанын улуу иштеринин бири

[15-беттеги сүрөт]

Ыйсанын пес оорулууга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнөбүз?

[16-беттеги сүрөт]

Жахабага татыктуу түрдө сыйынуу менен аны урматтайбыз