Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Акчаны туура колдонуу

Акчаны туура колдонуу

«Ой-максат кеңеш менен ишке ашат» (Накыл сөздөр 20:18).

Үй-бүлөнү багыш үчүн баарыбызга эле акча керек (Накыл сөздөр 30:8). Кудайдын Сөзүндө акчанын «коргой» турганы айтылат (Насаатчы 7:12). Жарыңар менен акча маселеси тууралуу сүйлөшүү кыйын болушу мүмкүн, ошентсе да акчанын айынан мамилеңердин начарлап кетишине жол бербегиле (Эфестиктер 4:32). Жубайлар акчаны колдонууда бири-бирине ишеним артып, кызматташа билиши керек.

1 КЫЛДАТ ПЛАНДАШТЫРГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт?» (Лука 14:28). Акчаны эмнеге сарптаарыңарды чогуу пландаштырганыңар абдан маанилүү (Амос 3:3). Эмнени сатып алышыңар керектигин жана канча акча корото аларыңарды чечип алгыла (Накыл сөздөр 31:16). Кайсы бир нерсени сатып алууга акчаңар бар болсо эле, аны сатып ала бербегиле. Чөнтөгүңөргө жараша иш кылып, карыз албаганга аракет кылгыла (Накыл сөздөр 21:5; 22:7).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Айдын аягында акчаңар артып калса, аны эмне кыларыңарды чечип алгыла

  • Ал эми акчаңар жетпей калса, чыгымдарыңарды азайтыш үчүн эмне кылсаңар болорун ойлонуштургула. Мисалы, тамакты сатып алгандан көрө, өзүңөр жасап жейттирсиңер

2 БИРИ-БИРИҢЕР МЕНЕН КЕҢЕШИП ИШ КЫЛГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Жахабанын алдында эле эмес, адамдардын алдында да чынчыл болууга аракеттенгиле» (2 Корунттуктар 8:21). Жарыңарга канча тапканыңарды жана канча коротконуңарды ачык айткыла.

Акчага байланыштуу маанилүү чечим чыгарарда дайыма жубайыңар менен кеңешкиле (Накыл сөздөр 13:10). Бул тууралуу сүйлөшүп турганыңар чыр-чатактан оолак болууга жардам берет. Тапкан акчаңарды өзүңөрдүкү эмес, үй-бүлөңөрдүкү деп эсептегиле (1 Тиметей 5:8).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Канча акчаны бири-бириңерден сурабай эле корото аларыңарды макулдашып алгыла

  • Акча жөнүндө көйгөй пайда болмоюнча сүйлөшпөй жүрө бербегиле