Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Көйгөйлөрдү чечүү

Көйгөйлөрдү чечүү

«Бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Петир 4:8).

Баш кошконуңардан кийин ар кандай кыйынчылыктарга кабыласыңар. Буга экөөңөрдүн ой жүгүртүүңөрдүн, кайсы бир нерсеге карата сезимдериңердин же алган тарбияңардын ар башка болгону себеп болушу мүмкүн. Кээде кыйынчылыктар сырт жактан келет же күтүлбөгөн окуялардан улам пайда болот.

Айрым учурларда кыйынчылыкка тике карабай, кыя өткүбүз келиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте көйгөйлөрүбүздү чечип алышыбыз керектиги айтылат (Матай 5:23, 24). Анда жазылган принциптерди колдонсоңор, кыйынчылыктарыңарды туура жол менен чече аласыңар.

1 КӨЙГӨЙ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШКҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Сүйлөй турган убак бар» (Насаатчы 3:1, 7). Көйгөйүңөр жөнүндө сүйлөшүүгө убакыт бөлгүлө. Сүйлөшүп жатканда жарыңардан ой-сезимиңерди жашырбай, дайыма «чындыкты айткыла» (Эфестиктер 4:25). Аябай ачууңар келип жатса да, уруша кетүүдөн сак болгула. Өзүңөрдү кармап, сабырдуу болгонуңар талашып-тартышпай, жайбаракат сүйлөшүүгө шарт түзөт (Накыл сөздөр 15:4; 26:20).

Оюңар төп келбеген учурда да түгөйүңөрдү урматтап-сыйлап, ага жылуу-жумшак мамиле кылып, сүйүү көрсөткүлө (Колосалыктар 4:6). Көйгөйдү мүмкүн болушунча эртерээк чечкенге аракет кылгыла жана эч качан бири-бириңер менен сүйлөшпөй койбогула (Эфестиктер 4:26).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Көйгөйүңөрдү талкуулоо үчүн ылайыктуу убакытты тандагыла

  • Жарыңардын сөзүн бөлбөй, кунт коюп угуп, кезегиңер келгенде гана сүйлөгүлө

2 КУНТ КОЮП УГУП, ЖАРЫҢАРДЫ ТҮШҮНГҮЛӨ

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла» (Римдиктер 12:10). Өмүрлүк жарыңарды кантип угарыңар абдан маанилүү. Анын көз карашын түшүнгөнгө аракет кылып, боорукер, момун болгула (1 Петир 3:8; Жакып 1:19). Угуп жаткандай түр көрсөтпөгүлө. Жубайыңар сүйлөшкүсү келгенде, мүмкүн болсо, кылып жаткан ишиңерди токтотуп, ага көңүл бөлгүлө же ананыраак сүйлөшсө болор-болбосун сурагыла. Жарыңарды атаандашыңардай эмес, шеригиңердей көрсөңөр, «таарынууга шашпайсыңар» (Насаатчы 7:9).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жарыңардын айтып жаткандары силерге жакпаса да, уга билгиле

  • Сөздөрдүн артында кандай ойлор жатканын баамдоого аракет кылгыла. Түгөйүңөрдүн жаңсоолоруна, үнүнүн тонуна көңүл бургула

3 ЧЕЧИМИҢЕРГЕ ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛГЫЛА

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? «Ар бир эмгектен пайда бар, ал эми куру сөз жарды кылат» (Накыл сөздөр 14:23). Чыгарылган чечимге макул болуп коюу жетишсиз. Экөөңөр тең ага ылайык иш кылышыңар керек. Бул көп эмгекти жана күч-аракетти талап кылышы мүмкүн, бирок ошого татыйт (Накыл сөздөр 10:4). Эгер эриш-аркак иш кылсаңар, эмгегиңердин үзүрүн көрөсүңөр (Насаатчы 4:9).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Көйгөйдү чечүү үчүн ар бириңер эмне кыларыңарды сүйлөшүп алгыла

  • Маал-маалы менен кандай жылыштар болгонун текшерип тургула