Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Кудай деген ким?

Кудай деген ким?

Адамдар тээ байыртан эле көптөгөн кудайларга сыйынып келишет. Бирок Ыйык Китепте ошол «кудайлардын баарынан улук» бир Кудай жөнүндө айтылат (2 Жылнаама 2:5). Ал ким? Ал адамдар сыйынган башка кудайлардан эмнеси менен улук? Ошол Кудай сенин ал жөнүндө эмнелерди билишиңди каалайт? Бул бөлүмдө ушул тууралуу сөз жүрөт.

1. Кудайдын аты ким жана ал аны билишибизди каалаарын кайдан билебиз?

Кудай өзүнүн ким экенин Ыйык Китепке жаздырып койгон. Ал: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деген. (Оку: Ышая 42:5, 8.) Еврей тилинен «Жахаба» деп которулган ысым, көптөгөн окумуштуулар айткандай, «болтурат» дегенди билдирет. Жахаба анын атын билишибизди каалайт (Чыгуу 3:15). Муну кайдан билебиз? Ал Ыйык Китепке өзүнүн атын 7 000ден ашуун жолу жаздырып койгон a. Ооба, Жахаба — «жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги чыныгы Кудайдын» ысымы (Мыйзам 4:39).

2. Ыйык Китепте Жахаба жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте адамдар сыйынган бардык кудайлардын ичинен эмне үчүн Жахаба гана жалгыз чыныгы Кудай деп айтылат? Мунун бир нече себеби бар. Жахаба гана «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай». (Оку: Забур 83:18.) Ал — Кудурети Күчтүү Кудай. Анткени ал эмнени кааласа, ошону жүзөгө ашырат. Ал баарын: ааламды жана жер бетиндеги бардык нерселерди жараткан (Аян 4:8, 11). Бир гана Жахаба дайыма бар болуп келген жана түбөлүктөн түбөлүккө бар болот (Забур 90:2).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудайдын наамдары менен жалгыз ысмынын айырмасы жөнүндө окуп көр. Ал сага ысмын кантип, эмне үчүн ачып берип жатканы жөнүндө көбүрөөк бил.

3. Кудайдын наамдары көп, бирок бир эле ысмы бар

Ысым менен наамдын айырмасын билиш үчүн бул ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроону талкуулагыла:

  • «Теңир» деген сыяктуу наам менен ысымдын ортосунда кандай айырма бар?

Ыйык Китепте адамдардын көптөгөн кудайларга сыйынары айтылат. Окугула: Забур 136:1—3. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • «Кудайлардын Кудайы», «теңирлердин Теңири» деген ким?

4. Жахаба анын атын билишиңди жана аны атынан аташыңды каалайт

Жахаба анын атын билишиңди каалаарын эмне көрсөтүп турат? ВИДЕОНУ көрүп, бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба өзүнүн ысмын башкалардын билишин каалайбы? Эмне үчүн?

Жахаба адамдардын аны ысмынан аташын каалайт. Окугула: Римдиктер 10:13. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахабага атынан кайрылуу канчалык маанилүү?

  • Кимдир бирөө атыңды эстеп калып, атыңан кайрылса, кандай сезимде болот элең?

  • Кудайды ысымынан атаганыңда, ал кандай сезимде болот?

5. Жахаба аны менен жакын мамиледе болушуңду каалайт

Камбожалык Сотен деген бир аял Кудайдын атын билгенде аябай сүйүнгөн. ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроону талкуулагыла:

  • Кудайдын атын билгени Сотенге кандай таасир эткен?

Кимдир бирөө менен дос болуш үчүн анын атын билишиң керек. Окугула: Жакып 4:8а. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба сени эмне кылууга чакырат?

  • Кудайдын атын билгениң, ага атынан кайрылганың кандайча аны менен ынак болгонго жардам берет?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Бир эле Кудай бар. Аны кантип атайбыз, айырмасы жок».

  • Кудайдын аты Жахаба экенине ишенесиңби?

  • Кудайдын аны ысмынан аташыбызды каалаарын кантип түшүндүрүп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба — жалгыз чыныгы Кудайдын ысмы. Аны менен жакын мамиледе болушубуз үчүн, ал ысмын билишибизди жана колдонушубузду каалайт.

Кайталоо

  • Жахаба башка кудайлардын баарынан эмнеси менен айырмаланат?

  • Эмне үчүн Кудайды атынан атаганыбыз маанилүү?

  • Жахаба аны менен жакын мамиледе болушуңду каалаарын эмне көрсөтүп турат?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Кудайдын бар экенин көрсөткөн төгүндөлгүс беш далилди карап көр.

«Кудай чынында эле барбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Кудайдын дайыма бар болгонуна ишенүү эмне үчүн туура экенин окуп көр.

«Кудайды ким жараткан?» («Күзөт мунарасы», 1-август, 2014)

Кудайдын аты байыркы учурда кантип айтылганын билбесек да, аны эмне үчүн колдонушубуз керек?

«Жахаба деген ким?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Кудайга атынан кайрылганыбыз маанилүүбү? Эмне үчүн анын бир эле ысмы бар деп айтса болорун окуп көр.

«Кудайдын канча ысмы бар?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

a Кудайдын ысмынын мааниси жана Ыйык Китептин айрым котормолорунан ал ысымдын эмне үчүн алынып салынганы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал» деген китепченин 1—5-беттерин кара.