Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиркемелер

Тиркемелер
  1.  Улуу Бабылды аныктоо

  2.  Машаяк качан келмек?

  3.  Кан колдонулган дарылоо ыкмалары

  4.  Эки бөлөк жашоо

  5.  Майрамдар

  6.  Жугуштуу оорулар

  7.  Ишкердик жана юридикалык маселелер

 1. Улуу Бабылды аныктоо

«Улуу Бабыл» бардык жалган диндерди билдирерин кайдан билебиз? (Аян 17:5). Төмөнкүлөргө токтололу:

  • Ал дүйнө жүзү боюнча иш жүргүзүп жатат. Ыйык Китепте Улуу Бабылдын сүрмө топтордун, улуттардын үстүндө отурганы айтылат. Ал «жер жүзүндөгү падышалардын үстүнөн падышалык кылууда» (Аян 17:15, 18).

  • Ал саясий же коммерциялык уюм болушу мүмкүн эмес. Улуу Бабыл кыйратылганда, «жер жүзүнүн падышалары» менен «соодагерлер» аны менен чогуу жок кылынбайт (Аян 18:9, 15).

  • Кудайды жаманатты кылууда. Ал көбүрөөк акча топтош үчүн же дагы башка жагынан пайда көрүш үчүн өкмөттөр менен тыгыз кызматташкандыктан сойку деп аталат (Аян 17:1, 2). Ал бардык улуттарды адаштырып жатат. Ошондой эле көптөрдүн өлүмүнө себепкер болууда (Аян 18:23, 24).

Кайра артка баруу: 13-бөлүм, 6-ой

 2. Машаяк качан келмек?

Ыйык Китепте Машаяк келгенге чейин 69 жума өтөрү пайгамбарлык кылынган. (Оку: Даниел 9:25.)

  • 69 жума качан башталган? Б.з.ч. 455-жылы. Ошол жылы башкаруучу Некемия «Иерусалимди калыбына келтирип», «кайра куруш» үчүн Иерусалимге келген (Даниел 9:25; Некемия 2:1, 5—8).

  • 69 жума канча убакка созулган? Ыйык Китептеги айрым пайгамбарлыктарда бир күн бир жылды билдирет (Сандар 14:34; Жезекиел 4:6). Демек, ар бир жума жети жылды билдирет. Бул пайгамбарлыкта айтылган 69 жума 483 жылга (69 x 7) барабар.

  • 69 жума качан аяктаган? Б.з.ч. 455-жылдан тартып 483 жылды эсептесек, б.з. 29-жылына келебиз a. Так ошол жылы Иса чөмүлүп, Машаяк болгон (Лука 3:1, 2, 21, 22).

Кайра артка баруу: 15-бөлүм, 5-ой

 3. Кан колдонулган дарылоо ыкмалары

Бейтаптын өз каны колдонулган медициналык процедуралар бар. Алардын айрымдары Машаяктын жолдоочуларына ылайык келбейт. Мисалы, кээ бирлер донор болуп кан беришет. Же операция учурунда колдонулушу үчүн өзүнүн канын алдын ала сактатып коюшат. Бирок Машаяктын жолдоочулары мындай кылбайт (Мыйзам 15:23).

Ал эми айрым түрлөрү Кудайдын кызматчыларына ылайык келиши мүмкүн. Аларга анализге кан тапшыруу, гемодиализ, гемодилюция, реинфузия же жасалма кан айлантуу кирет. Медициналык процедуранын жүрүшүндө, анализ тапшырууда же белгилүү бир терапия учурунда өзүнүн каны кандайча колдонуларын ар ким өзү чечиши керек. Доктурлардын бул процедураларды кылганы бири-бириникинен анча-мынча айырмаланышы мүмкүн. Андыктан Кудайдын кызматчысы кайсы бир хирургиялык процедурага, анализдерге же белгилүү бир терапияга макул болордон мурун өзүнүн каны кандайча колдонуларын так билиши зарыл. Бул суроолор жөнүндө ойлонуп көр:

  • Эгер канымдын канча бир бөлүгү денемден чыгарылып, анын жүрүшү кайсы бир убакытка чейин токтотулсачы? Абийирим ал канды «жерге... төгүп салынышы» керек болгон нерседей эмес, дагы деле денемдин бир бөлүгү катары эсептөөгө жол береби? (Мыйзам 12:23, 24).

  • Кайсы бир процедура учурунда канымдын канча бир бөлүгү денемден алынып, курамы өзгөртүлүп, кайрадан денеме кайтарылсачы? Буга макул боло аламбы же Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирим кыйнайбы?

Кайра артка баруу: 39-бөлүм, 3-ой

 4. Эки бөлөк жашоо

Кудайдын Сөзү жубайларды эки бөлөк эмес, чогуу жашаганга үндөйт. Ошондой эле анда эки бөлөк жашоо алардын экөөнө тең башка бирөө менен турмуш курууга укук бербей турганы ачык эле айтылган (1 Корунттуктар 7:10, 11). Бирок төмөнкүдөй жагдайларда Кудайдын айрым кызматчылары бөлөк жашоо жөнүндө ойлонушу мүмкүн.

  • Үй-бүлөнү багуудан атайлап баш тартуу. Күйөөсү үй-бүлөсүн камсыз кылуудан баш тарткандыктан, үйүндөгүлөрү жашоого керектүү болгон эң зарыл нерселерге да жетпей калган учурлар (1 Тиметей 5:8).

  • Катуу кордук көрсөтүү. Өмүрлүк жары тарабынан ырайымсыз мамилеге туш болуп, ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулган учурлар (Галатиялыктар 5:19—21).

  • Жахаба менен болгон мамилесине катуу коркунуч туудуруу. Өмүрлүк жары Жахабага кызмат кылууга такыр мүмкүнчүлүк бербей койгон учурлар (Элчилер 5:29).

Кайра артка баруу: 42-бөлүм, 3-ой

 5. Майрамдар

Кудайдын кызматчылары ага жакпаган майрамдарга катышпайт. Бирок ошондой майрамдарга байланышы бар жагдайларда эмне кылышты ар бири өзүнүн Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине ылайык чечиши керек. Бир нече мисалга токтололу.

  • Майрам күнү кимдир бирөө куттуктаса. Жөн эле: «Рахмат»,— деп койсоң болот. Эгер ал көбүрөөк билгиси келсе, эмне үчүн майрамдабай турганыңды түшүндүрүп берсең болот.

  • Өмүрлүк жарың Жахабанын Күбөсү эмес болсо жана майрам күнү тууганыңардыкына конокко барып келели десе. Балким, ал жакка барганга абийириң жол береттир. Анда өмүрлүк жарыңа майрамдагы Кудайга жакпаган каада-салттарга катышпай турганыңды алдын ала түшүндүрүп койсоң болот.

  • Жумуш берүүчүң майрам учурунда кошумча акча сунуш кылса. Андан баш тартышың керекпи? Сөзсүз деле эмес. Жумуш берүүчүң кошумча акчаны майрамдын бир бөлүгү катары эсептейби же жакшы иштегениң үчүн ыраазычылык билдирүүнүн жолу катары гана көрөбү?

  • Кимдир бирөө майрамда белек берсе. Ал: «Сенин бул майрамды белгилебей турганыңды билем, бирок бул белекти сага бергим келип жатат»,— деши мүмкүн. Балким, ал жөн эле жакшылык кылгысы келип жаткандыр. Же: «Ал менин ишенимимди сынап жатат же мени майрамга аралаштырганга аракет кылып жатат»,— деп ойлогонго себеп барбы? Ушулар тууралуу ойлонгондон кийин белекти аласыңбы, жокпу, өзүң чечесиң. Кандай чечим чыгарбайлы, абийирибиздин таза болушун каалайбыз жана Жахабага ишенимдүү бойдон калгыбыз келет (Элчилер 23:1).

Кайра артка баруу: 44-бөлүм, 1-ой

 6. Жугуштуу оорулар

Биз башкаларды жакшы көргөндүктөн аларга оору жугузуп алгандан сак болобуз. Өзүбүз жугуштуу оору менен оорусак же аны жугузуп алдым окшойт деп ойлоп жатсак жана башкаларга да жугузуп алышым мүмкүн деп кооптонуп жатсак, абайлашыбыз керек. Анткени Ыйык Китепте: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп жазылган (Римдиктер 13:8—10).

Оору жугузуп алган киши башкаларды сүйөрүн кантип көрсөтө алат? Ал эч ким менен кол алышпашы, эч кимди кучактабашы же өппөшү керек. Кимдир бирөө үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп, аны үйүнө киргизбесе, таарынбашы зарыл. Ошондой эле чөмүлгөнгө чейин аксакалдар кеңешинин координаторуна өзүнүн оорусу тууралуу билдирип коюуга тийиш. Мунун аркасында аксакалдар чөмүлө турган башка кишилерди коргош үчүн чара көрө алат. Жугуштуу оорусу бар киши кимдир бирөө менен сүйлөшө баштаганга чейин өз ыктыяры менен анализге кан тапшырганы да маанилүү. Ушуларды кылуу менен ал өзүнүн эле эмес, «башкалардын да кызыкчылыктарын ойлоорун» көрсөтөт (Филипиликтер 2:4).

Кайра артка баруу: 56-бөлүм, 2-ой

 7. Ишкердик жана юридикалык маселелер

Акчага жана ишкердик маселелерге байланыштуу келишимдерди, атүгүл ишенимдешибиз менен болсо да, кагаз жүзүндө жазып койсок, көп көйгөйлөрдүн алдын алабыз (Жеремия 32:9—12). Ошентсе да кээде Кудайдын кызматчыларынын ортосунда акчага же башка иштерге байланыштуу анча-мынча келишпестиктер болушу мүмкүн. Алар андай келишпестиктерди тынчтык жолу менен, жекеме-жеке жана дароо чечиши зарыл.

Ал эми алдоо же ушак таратуу сыяктуу олуттуу маселелерди кантип чечишибиз керек? (Оку: Матай 18:15—17.) Иса төмөнкү үч кадамды жасашыбыз керектигин айткан:

  1. Жекеме-жеке чечишкенге аракет кыл. (15-аятты кара.)

  2. Эгер чечилбесе, жыйналыштагы бир же эки жетилген бир тууганды өзүң менен чогуу барганга чакыр. (16-аятты кара.)

  3. Ошондон кийин да чечилбесе, анда аксакалдарга кайрылышың керек. (17-аятты кара.)

Көпчүлүк учурда ишенимдештерибизди сотко бербешибиз керек. Анткени мунун айынан Жахабага жана жыйналышка сөз тиет (1 Корунттуктар 6:1—8). Бирок кээ бир жагдайларда, мисалы, ажырашуу, балага камкорчу болуп дайындалуу, алимент төлөө, камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу, банкротко дуушар болуу же керээз катты бекитүү сыяктуу маселелерди чечүүдө сотко кайрылууга туура келиши мүмкүн. Ушундай иштер боюнча сотко кайрылган Кудайдын кызматчысы баарын колунан келишинче тынчтыкта чечкенге аракет кылса, Ыйык Китептеги кеңешке каршы иш кылган болбойт.

Кудайдын кызматчысынын зордуктоо, балага сексуалдык зомбулук көрсөтүү, кол салуу, чоң уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу олуттуу кылмышты бийлик өкүлдөрүнө билдиргени да Ыйык Китептеги кеңешти бузгандыкка жатпайт.

Кайра артка баруу: 56-бөлүм, 3-ой

a Б.з.ч. 455-жылдан б.з. 1-жылына чейин 454 жыл өткөн. Б.з.ч. 1-жылдан б.з. 1-жылына чейин бир жыл өткөн (нөлүнчү жыл жок). Ал эми б.з. 1-жылынан 29-жылына чейинки убакыт 28 жылды түзгөн. Баарын кошсок, 483 жыл болот.