Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү протестанттарбы?

Жахабанын Күбөлөрү протестанттарбы?

 Жок. Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын жолдоочулары болгону менен, протестанттар эмес. Эмне үчүн?

 Протестантизм деген сөзгө «Рим католицизмине каршы чыккан диний багыт» деген аныктама берилет. Жахабанын Күбөлөрү Католик чиркөөсүнүн окууларын жакташпаса да, өздөрүн төмөндөгү себептерден улам протестанттар деп эсептешпейт.

  1.   Протестанттык окуулардын көпчүлүгү Ыйык Китепте жазылгандарга шайкеш келбейт. Алсак, Ыйык Китеп Кудайды үчилтик эмес, бирөө гана деп окутат (1 Тиметей 2:5; Жакан 14:28). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудай ыймансыз адамдарды тозок отунда кыйнап жазалай турганы эмес, жөн гана түбөлүккө жок кылары жазылган (Забур 37:9; 2 Тесалоникалыктар 1:9).

  2.   Биз Католик чиркөөсүнө каршы чыкпайбыз жана анын же башка диний агымдардын окууларын өзгөртүүнү көздөбөйбүз. Биз башкаларга Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, ага ишенүүгө жардам беребиз (Матай 24:14; 28:19, 20). Биздин максатыбыз — башка диндерге каршы чыгып, алардын окууларын өзгөртүү эмес, Кудай жөнүндө жана анын сөзү жазылган Ыйык Китеп жөнүндө билгиси келгендерге билим алууга жардам берүү (Колосалыктар 1:9, 10; 2 Тиметей 2:24, 25).