Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 28-ИЮНЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан Соту Теймур Ахмедовго карата чыгарылган адилетсиз чечимди күчүндө калтырды

Казакстан Соту Теймур Ахмедовго карата чыгарылган адилетсиз чечимди күчүндө калтырды

2017-жылдын 20-июнунда Астана шаардык соту кылмышкер катары соттолгон Теймур Ахмедовдун доо арызын канааттандыруудан баш тартып, ал беш жылга эркинен ажыратылсын жана үч жыл диний иштер менен алек болбосун деген чечимди күчүндө калтырды. 20-июндагы сот ишине катышкан Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун жактоочусу: «Сот барып турган адилетсиз чечим чыгарды, анткени Ахмедов мырзанын күнөөсүз экенин тастыктаган далилдер көп болчу»,— деген. Ахмедов мырзанын жактоочулары жогорку сот органдарына доо арыз менен кайрылуу жөнүндө ойлонуп жатышат.

Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкерлери 2017-жылы январда Ахмедов мырзаны диний иштерди мыйзамсыз түрдө жүргүзүп жатат деген айып менен камап коюшкан. Сары-Арка райондук соту 2017-жылдын 2-майында ишти караганга чейин Ахмедов мырза тергөө камак жайында отурган. Райондук сот адилетсиз чечим чыгарып, диний кастыкты козуткандар жазаланышы керектиги жазылган Кылмыш-жаза кодексинин 174(2)-беренесинин негизинде аны күнөөлүү деп тапкан. Ахмедов мырза жалган айып коюлганына макул эмес экенин жана адамдарды жакшы көргөндүктөн диний көз карашы менен бөлүшүп жүргөнүн билдирген. Дин тутуу эркиндиги Казакстандын Конституциясы жана Казакстан өкмөтү аткарууга милдеттүү болгон адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер кепилдик берген негизги укук болуп эсептелет.