Мазмунун көрсөтүү

Теймур Ахмедов түрмөгө камалганга чейин

2017-ЖЫЛ, 13-ОКТЯБРЬ
КАЗАКСТАН

Казакстан өкмөтү Теймур Ахмедовду негизсиз камакка алган деп айыпталууда

Казакстан өкмөтү Теймур Ахмедовду негизсиз камакка алган деп айыпталууда

БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу (МКЖТ) Казакстан өкмөтүн Теймур Ахмедовду камаганы үчүн айыптап, аны тезинен бошотууну талап кылды a. МКЖТнын 2017-жылдын 2-октябрында жарыяланган чечиминде Казакстан өкмөтү Теймур Ахмедовду негизсиз камакка алып, башкалар менен дин тууралуу тынчтыкта сүйлөшкөнү үчүн эле, 2017-жылдын 18-январынан бери абакта кармап отурганы үчүн айыптуу экенин айтылган.

МКЖТнын чыгарган бүтүмү

МКЖТ Ахмедов мырза негизсиз камакка алынган деген бүтүм чыгарган. Ошондой эле өкмөттүн анын дин тутуу эркиндигине, ой эркиндигине болгон укугун бузганы жана Жахабанын Күбөсү катары иш жүргүзгөнү үчүн эле иши сотто калыстык менен каралышына болгон укугун канааттандыруудан баш тартканы баса белгилеген.

Мындан тышкары, МКЖТ Казакстан өкмөтүнүн Ахмедовду камакка алып, тергөө иштерин жүргүзгөнүнүн өзү эле мыйзамды бузгандыкка жатканын билдирген. Булардан сырткары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Казакстандын «„экстремизм“ деген түшүнүктү бүдөмүк чечмелегени... жана экстремизмге каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзамды жарандардын дин тутуу эркиндигин, ой эркиндигин жана чогулуу эркиндигин чектөөгө колдонуп жатканы үчүн» сынга алган чечиминен шилтеме кылынган. МКЖТ бул мыйзам «Казакстандагы жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугуна чоң коркунуч туудурарын» жана «Теймур Ахмедовдун иши буга далил боло аларын» билдирди.

МКЖТ Казакстандын Ахмедовго карата болгон көз карашына кошулбайт. МКЖТ Ахмедовдун диний иштерин «тынчтыкта жүргүзгөнүн» бир нече жолу кайталап, анын зордук-зомбулукка үндөгөн же диний кастыкты козуткан эч нерсе айтпаганын билдирген. Ошондой эле өкмөттүн «Теймур Ахмедовдун зордук-зомбулукка барганын же ошондой ишке үндөгөнүн көрсөткөн бир да далил келтире албаганын» жана «тынчтыкта чогулууну же диний темада сүйлөшүүнү эмне үчүн кылмыш кылганга теңегенин алигиче түшүндүрүп бере албаганын» баса белгилеген. Ал документте андан ары мындай деп жазылган: «Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу топко Теймур Ахмедовдун эл аралык пактагы 18-беренеде жазылган дин тутуу эркиндигине болгон укугунун чегинде иш кылганы айкын көрүнүп турат» b.

МКЖТ Ахмедовдун куугунтукка алынганына Казакстандын Жахабанын Күбөлөрүнө карата болгон диний сабырсыздыгы себеп болгонун да айткан. Ахмедов камакка алынган эле күнү Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу жайлары тинтүүгө алынып, диний мазмундагы адабияттарынын тартылып алынганы буга далил боло алат.

«Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу топко Теймур Ахмедовдун эл аралык пактагы 18-беренеде жазылган дин тутуу эркиндигине болгон укугунун чегинде иш кылганы айкын көрүнүп турат» (Пикир, 39-абзац).

Казакстан өкмөтү иш-аракет кылууга тийиш

МКЖТ Казакстан өкмөтүнөн «Теймур Ахмедов туш болгон жагдайды оңдош үчүн тезинен тийиштүү иш-аракеттерди кылууну» талап кылды. МКЖТнын билдирүүсүнө ылайык, Казакстан өкмөтү «Ахмедовду түрмөдөн тезинен бошотууга, доо күчүнө ээ компенсацияны төлөп берүүгө жана башка зыяндын ордун толтурууга» тийиш. МКЖТ, мындан сырткары, башкалар Теймур Ахмедовдукундай жагдайга туш болбошу үчүн Казакстан өкмөтү ички мыйзамдарды эл аралык талаптарга ылайык келтириши керектигин айтты.

Теймур Ахмедовдун жактоочулары 2017-жылдын 13-октябрында Казакстандын Жогорку Сотуна доо арыз менен кайрылып, МКЖТнын талаптарынын аткарылышын, Ахмедовго коюлган айыптын алынып салынышын жана анын тезинен бошотулушун өтүнүштү.

Теймур Ахмедов адилетсиз түрдө камалган жана анын иши Казакстандагы жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун бекемдөө зарыл экенин тастыктап турат деген пикирди колдогон эл аралык коомдорго дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ыраазычылык билдирет. Алар Казакстан өкмөтүнүн МКЖТнын талаптарын аткарарына жана Теймур Ахмедовду түрмөдөн бошоторуна үмүттөнөт.