Мазмунун көрсөтүү

Жыныстык асылуудан кантип коргонсо болот?

Жыныстык асылуудан кантип коргонсо болот?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте жыныстык асылуудан коргонууга жардам берген жакшы кеңештер бар. Алардын айрымдарын карап чыгалы:

  1.   Жумуш менен эле чектелгиле. Жумушта өзүңүз менен чогуу иштеген карама-каршы жыныстагыларга урмат-сый менен мамиле кылып, сылык-сыпаа болуңуз. Бирок сизди туура эмес түшүнүп албашы үчүн, алар менен ынак болуудан сак болуңуз (Матай 10:16; Колосалыктар 4:6).

  2.   Уят-сыйыттуу кийиниңиз. Орунсуз сезимдерди туудура турган кийимдерди кийбеңиз. Ыйык Китепте биздин сырткы көрүнүшүбүздөн «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк» байкалып турушу керектиги айтылат (1 Тиметей 2:9).

  3.   Досторду туура тандаңыз. Эгер карама-каршы жыныстагыларга тийишкенди жакшы көргөндөр менен дос болсоңуз, башкалар сизди да ошондой көрүп, сизге да ошондой мамиле кылышы мүмкүн (Накыл сөздөр 13:20).

  4.   Адепсиз сөздөргө аралашпаңыз. Уятсыз жүрүм-турум жөнүндөгү кептерге, маңызсыз сөздөргө, адепсиз тамашаларга кошулбаңыз (Эфестиктер 5:4).

  5.   Азгырыла турган жагдайлардан качыңыз. Мисалы, чогуу иштеген бирөө, зарыл болбосо деле, жумуштан кийин бир азга калууну суранса, сак болуңуз (Накыл сөздөр 22:3).

  6.   Оюңузду чечкиндүү түрдө, так-даана билдириңиз. Эгер кимдир бирөө сизге тийишип жатса, анын мамилеси жакпай турганын ачык айтыңыз (1 Корунттуктар 14:9). Балким: «Сиздин ушинткениңиз мага такыр жакпайт! Ушундайыңызды токтотуңуз!» — деп айтаттырсыз. Же ал кишиге анын кылган мамилесинен улам өзүңүздү кандай сезип жатканыңызды жана кандай мамиле кылышын каалаарыңызды түшүндүрүп кат жазууну туура көрөттүрсүз. Ошондой эле адеп-ахлактыкка болгон көз карашыңызды жана диний көз карашыңызды айкын билдириңиз (1 Тесалоникалыктар 4:3—5).

  7.   Башкалардан жардам сураңыз. Эгер көйгөйүңүз чечилбей жатса, бул тууралуу досуңузга, үй-бүлөңүздөн кимдир бирөөгө, жумушуңуздан бирөөгө же жардам бере ала турган башка бирөөгө айтыңыз (Накыл сөздөр 27:9). Андан сырткары, ушундай жагдайга кабылган көптөгөн кишилер Кудайга жардам сурап кайрылышканын айтышкан. Буга чейин ушинтип көрбөсөңөр да, Жахабага — «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайга» — кайрылып жардам сураңыз. Ал сизге жардам берерине шектенбесеңиз болот (2 Корунттуктар 1:3).

 Бүгүнкү күндө жыныстык асылуунун айынан миллиондогон адамдар жумушуна баруудан заарканышат. Андай адамдарга Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу эң сонун жардам берет.