Мазмунун көрсөтүү

Тамеки чегүү күнөөбү?

Тамеки чегүү күнөөбү?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте тамеки a же анын башка түрлөрүн чегүү жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Бирок андагы принциптерден ден соолукка зыян келтирген, денени булгаган жаман адаттар Кудайга жакпай турганын жана тамеки чегүү күнөө болуп эсептелерин билүүгө болот.

  •   Өмүрдү баалоо. «Кудай... өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет» (Элчилер 17:24, 25). Өмүр Кудайдын белеги болгондуктан, тамеки чегүү сыяктуу өмүрдү кыскарта турган нерселердин эч бирин кылбашыбыз керек. Дүйнө жүзү боюнча тамеки көптөрдүн өлүмүнө себеп болгон негизги көйгөйлөрдүн бирине айланууда.

  •   Башкаларды ойлоо. «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Матай 22:39). Тамеки чегүү айланадагы адамдарга сүйүү көрсөтпөгөндүккө, аларды ойлобогондукка жатат. Өзү тамеки чекпесе да, дайыма тамекинин түтүнү менен дем алган адамдын ден соолугу тамеки чеккен адамдыкындай эле жабыркайт.

  •   Өзүбүздү таза, Кудайдын алдында ыйык сактоо. «Денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергиле» (Римдиктер 12:1). «Келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланып, Кудайдан коркуу менен ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели» (2 Корунттуктар 7:1). Тамеки — адамдын денесине жат нерсе жана ыйыктыктын, тазалыктын карама-каршысы. Анткени тамеки чеккендер денесин атайлап эле уулуу заттар менен булгап, ден соолугуна зыян келтирет.

Көңүл ачуу максатында марихуананы же башка баңгизаттарды колдонууга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делет?

 Ыйык Китепте марихуананын (нашаа же кара куурай деп да белгилүү) же башка баңгизаттардын аты аталган эмес. Бирок анда көз карандылыкты пайда кылган мындай заттарды көңүл ачуу максатында колдонуу туура эмес экени баса белгиленген принциптер камтылган. Жогоруда айтылган принциптерден тышкары, төмөндө келтирилген принциптер да көңүлгө аларлык:

  •   Акылды тунук сактоонун зарылдыгы. «Жахаба Кудайыңды... бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37, 38). «Бардык жагынан сергек болгула» (1 Петир 1:13). Баңгизат колдонгон киши акылын тунук сактай албай калат жана көптөр баңгизатка көз каранды болуп калат. Андай кишилер таза нерселер жөнүндө, башкаларга жакшылык кылуу жөнүндө ойлонбой калат. Оюнун баарын баңгизат табуу жана колдонуу ээлеп алат (Филипиликтер 4:8).

  •   Мамлекеттик мыйзамдарга баш ийүү. «Өкмөткө жана бийликтерге баш ийишсин» (Тит 3:1). Көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамында баңгизаттардын айрым түрлөрүн колдонууга катуу чектөөлөр коюлат. Кудайга жаккыбыз келсе, бийликтегилерге баш ийишибиз керек (Римдиктер 13:1).

a Тамеки чегүү сигарет, сигара, мүштөк (трубка) жана кальян чегүүнү камтыйт. Бул макаладагы принциптер курамында никотин жана башка ушу сыяктуу заттар бар насыбайга, чайнама, жыттама жана электрондук тамекиге да тиешелүү.