Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте кремация жөнүндө эмнелер айтылат?

Ыйык Китепте кремация жөнүндө эмнелер айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте кремацияга, башкача айтканда, сөөктү өрттөөгө байланыштуу белгилүү бир көрсөтмөлөр жок. Сөөктү коюуга же аны өрттөөгө карата да эч кандай буйруктар берилген эмес.

 Бирок Ыйык Китепте Кудайдын байыркы убакта жашаган ишенимдүү кызматчыларынын каза болгон жакындарын жерге бергени жөнүндө жазылган. Мисалы, Ыбрайым пайгамбар атайын сатып алган жерге байбичеси Сааранын сөөгүн койгон (Башталыш 23:2—20; 49:29—32).

 Ошондой эле Ыйык Китепте айрым ишенимдүү адамдардын сөөгү өрттөлгөн учурлар болгону айтылат. Алсак, согушта курман болгон Ысрайылдын падышасы Шабулдун жана анын үч уулунун сөөгүн душмандар таап алып, мазакташкан. Бул тууралуу укканда Кудайдан корккон ысрайылдык жоокерлер падышасынын жана анын үч уулунун сөөгүн алып кетишкен. Анан аларды өрттөп, калдыктарын көөмп коюшкан (1 Шемуел 31:8—13). Ыйык Китептен көз жумган ал кишилердин сөөгүнүн ушундайча жерге берилиши туура болгонун көрүүгө болот (2 Шемуел 2:4—6).

Кремацияга байланыштуу кеңири таралган жаңылыш түшүнүктөр

 Жаңылыш түшүнүк. Өлүктү өрттөө маркумдун сөөгүн мазактоого жатат.

 Чындык. Ыйык Китепте өлгөн адамдардын топуракка кайтары айтылган. Бул табигый эле процесс. Анткени өлгөн адамдын денеси чиригенде топуракка айланып калат (Башталыш 3:19). Ал эми кремация кылынганда сөөк күлгө, тагыраак айтканда, топуракка айланып, ошол процесс тездейт.

 Жаңылыш түшүнүк. Байыркы убакта Кудайдын каарына калгандардын гана сөөгү өрттөлчү.

 Чындык. Кудайдын алдында жаман иш кылган Ахан менен анын үй-бүлөсү сыяктуу адамдардын сөөгү өрттөлгөн (Жашыя 7:25). Бирок мындай учурлар чанда эле болгон (Мыйзам 21:22, 23). Жогоруда айтылгандай, атүгүл Шабул падышанын уулу Жонатан сыяктуу ишенимдүү адамдардын да сөөгү өрттөлгөн учурлар болгон.

 Жаңылыш түшүнүк. Кудай сөөгү өрттөлгөн кишини тирилтпейт.

 Чындык. Кудай өлгөндөрдү, алардын сөөгү жерге берилгенби, өрттөлгөнбү, суудан табылбай калганбы же жырткычка жем болгонбу, тирилте алат (Аян 20:13). Кудурети күчтүү Кудай үчүн тирилгендерге жаңы дене жаратып берүү кыйынга турбайт (1 Корунттуктар 15:35, 38).