Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 14:6: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»

Жакан 14:6: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»

 «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт» (Жакан 14:6, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт» (Жакан 14:6, «Үмүт нуру» котормосу).

Жакан 14:6нын мааниси

 Исанын Атасы Жахаба a Кудайга сыйынгысы келгендер Иса Машаяктын маанилүү ролу тууралуу билиши зарыл.

 «Мен жолмун». Кудайга жакындап, ага жаккысы келгенден үчүн Иса «жол» болуп берет. Алсак, Кудайдан тиленгендер ага Исанын атынан кайрылышы керек (Жакан 16:23, 24). Адамдар Кудай менен элдеше алышы үчүн, башкача айтканда, анын ырайымына ээ болушу үчүн, Иса өмүрүн берген (Римдиктер 5:8—11). Ошондой эле Иса Кудайга жаккысы келгендердин жүрүм-туруму кандай болушу керектигин өз үлгүсү менен көрсөткөн (Жакан 13:15).

 «Мен... чындыкмын». Иса дайыма Кудайдан келген чындыкты айтчу жана ошол чындыкка ылайык жашачу (1 Петир 2:22). Аны уккандар Кудай жөнүндөгү чындыкты биле алышкан (Жакан 8:31, 32). Анын «чындык» болгонунун дагы бир себеби Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды аткарган. Ушундайча Кудайдын убадаларын жүзөгө ашырган (Жакан 1:17; 2 Корунттуктар 1:19, 20; Колосалыктар 2:16, 17).

 «Мен... өмүрмүн». Иса, ага ишенген адамдардын баары түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн, өз өмүрүн берген (Жакан 3:16, 36). Ал көзү өтүп кеткендерди тирилте тургандыктан алар үчүн да «өмүр» болуп бере алат (Жакан 5:28, 29; 11:25).

 «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт». Кудай менен жакшы мамиледе болгусу келгендер Исанын өзгөчө ролун түшүнүшү керек. Алар муну Кудайга Исанын атынан кайрылуу менен кылышат. Ушундайча Иса Машаяктын бийлигин кабыл аларын көрсөтүшөт (Жакан 15:16). Ошондой эле алар куткарылууга Иса Машаяк аркылуу гана жетүү мүмкүн экенин түшүнүшү зарыл (Элчилер 4:12; Филипиликтер 2:8—11).

Жакан 14:6нын контексти

 Жакан 13төн 17ге чейинки бөлүмдөрдө Исанын өлөр түнү ишенимдүү 11 элчисине айткан кеңештери жазылат. Ал эми Исанын 14-бөлүмдөгү чакырыгына ылайык, шакирттери ага жана Атасына ишенип, баш ийип, аларды жакшы көрүшү керек болгон (Жакан 14:1, 12, 15—17, 21, 23, 24). Иса Атасы менен мурун да, азыр да ынак мамиледе экенин ачып берген (Жакан 14:10, 20, 28, 31). Асманга кетер алдында Иса шакирттерин аларды калтырбай турганына ынандырган (Жакан 14:18). Андан тышкары, ыйык рух берерин убада кылып, аны «Атам менин атыман жибере турган жардамчы» деп сүрөттөгөн (Жакан 14:25—27). Ушундай жана башка жолдор менен Иса жолдоочуларын келечекте боло турган кыйынчылыктарга даярдаган.