Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Чөмүлгөндөн кийин да «жаңы табиятты» кие бер

Чөмүлгөндөн кийин да «жаңы табиятты» кие бер

«Жаңы табиятты кий» (КОЛ 3:10).

49-ЫР: Жахабанын жүрөгүн кубанталы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Кулк-мүнөзүбүздү көбүнесе эмне калыптандырат?

 ЧӨМҮЛГӨНҮБҮЗГӨ бир нече эле күн болдубу же андан бери көптөгөн жылдар өттүбү, баарыбыз эле Жахабага жаккан адам болгубуз келет. Ал үчүн ой жүгүртүүбүздү башкара билишибиз керек. Эмне себептен? Себеби кулк-мүнөзүбүздү ойлогон ойлорубуз калыптандырат. Эгер кечке эле жаман каалоолор жөнүндө ойлоно берсек, ошону сүйлөп, ошону кыла баштайбыз (Эф. 4:17—19). Ал эми акылыбызды жакшы ойлорго толтурсак, Жахабага жаккандай сүйлөп, ага жаккандай иш кылабыз (Гал. 5:16).

2. Бул макалада кайсы суроолорго токтолобуз?

2 Буга чейинки макаладан билгенибиздей, канчалык аракет кылсак да, кээде жаман ойлор келе берет. Бирок аларга ылайык иш кылабызбы, жокпу, өз эркибиз. Жахабага жакпаган сөздөрдөн, иштерден чөмүлгөнгө чейин эле арылышыбыз керек. Бул — эски табиятты чечкенге карай ташталган биринчи жана эң маанилүү кадам. Бирок Жахабанын купулуна толгон адам болуш үчүн анын: «Жаңы табиятты кийгиле»,— деген буйругуна да баш ийишибиз керек (Кол. 3:10). Бул макалада төмөнкү суроолорду карап чыгабыз: «„Жаңы табият“ деген эмне? Аны кийип, кайра чечпеш үчүн эмне кылсак болот?»

«ЖАҢЫ ТАБИЯТ» ДЕГЕН ЭМНЕ?

3. Галатиялыктар 5:22, 23кө ылайык, «жаңы табиятты» кийген киши кандай болот жана канткенде аны кийген болобуз?

3 «Жаңы табиятты» кийген киши Жахабадай ой жүгүртөт жана бардык иштеринде андан үлгү алат. Ал ыйык рухтун ойлоруна, сезимдерине, иштерине таасир этишине жол берип, рухтун жемишине кирген сапаттарды чагылдырат. Ошентип жаңы табиятты кийген болот. (Оку: Галатиялыктар 5:22, 23.) Мисалы, ал Жахабаны жана анын элин жакшы көрөт (Мт. 22:36—39). Кыйынчылыкка кабылганда да кубанычын жоготпойт (Жкп. 1:2—4). Дайыма тынчтыкка умтулат (Мт. 5:9). Башкалар менен мамилелешкенде сабыр сактайт, боорукер болот (Кол. 3:12, 13). Ал жакшылыкка жаткан нерселерге тартылып турат жана дайыма жакшылык кылганга дилгир (Лк. 6:35). Асмандагы Атасына ишенерин иш жүзүндө далилдейт (Жкп. 2:18). Кимдир бирөө кыжырына тийгенде, ачууланбай өзүн кармайт, азгырыкка да алдырбайт (1 Кор. 9:25, 27; Тит 3:2).

4. Жаңы табиятты кийиш үчүн эмне себептен Галатиялыктар 5:22, 23төгү сапаттарды да, Ыйык Китепте айтылган башка сапаттарды да өрчүтүшүбүз керек? Түшүндүр.

4 Жаңы табиятты кийиш үчүн Галатиялыктар 5:22, 23төгү жана Ыйык Китептеги башка сапаттардын баарын өрчүтүшүбүз керек *. Ал сапаттар өз-өзүнчө эмес, баары чогуу кийиле турган кийимге окшош. Анткени рухтун жемишине кирген сапаттардын ар бири өз ичине башка сапаттарды да камтыйт. Мисалы, башкаларды чындап сүйсөң, боорукер, чыдамкай да болосуң. Ал эми башкаларга жакшылык кылсаң, жылуу-жумшак мамиле кыласың, өзүңдү да кармай билесиң.

КАНТКЕНДЕ «ЖАҢЫ ТАБИЯТТЫ» КИЕ АЛАБЫЗ?

Исадай ой жүгүрткөнгө канчалык көбүрөөк аракет кылсак, ага ошончолук көбүрөөк окшошо беребиз. (5, 8, 10, 12, 14-абзацтарды кара)

5. «Машаяктын акылына ээ болуу» деген эмнени билдирет жана Исанын жашоосун эмне үчүн изилдешибиз керек? (1 Корунттуктар 2:16)

5 Оку: 1 Корунттуктар 2:16. Жаңы табиятты кийиш үчүн «Машаяктын акылына ээ» болушубуз керек. Башкача айтканда, Исадай ой жүгүртүп, аны туурашыбыз зарыл. Иса Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды таамай чагылдырат. Туптунук көрсөткөн күзгү сыңары, ал Жахабанын сапаттарын так өзүндөй кылып көрсөтөт (Евр. 1:3). Исадай ой жүгүрткөнгө канчалык көп аракет кылсак, аныкындай иштерди ошончолук көбүрөөк кылабыз. Ошондой эле ага ошончолук көбүрөөк окшош боло беребиз (Флп. 2:5).

6. Жаңы табиятты кийгенге аракет кылып жатканда эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

6 Биз чынында эле Исаны туурай алабызбы? Сен: «Иса деген жеткилең болгон да, мен эч качан андай боло албайм»,— дешиң мүмкүн. Эгер ушинтип ойлоп жатсаң, төмөнкү нерселерди эсиңден чыгарба. Биринчиден, сен Жахаба менен Исага окшош болуп жаратылгансың, ошон үчүн алардан үлгү алып, колуңдан келишинче туурай аласың (Башт. 1:26). Экинчиден, ааламда Кудайдын ыйык рухуна теңдеш күч жок. Ал күчтүн жардамы менен колуман келбейт деп ойлогон нерселердин бардыгын кыла аласың. Үчүнчүдөн, Жахаба сенден рухтун жемишине кирген сапаттарды азырынча жүз пайыз чагылдырышыңды талап кылбайт. Камкор Атабыз жер бетиндеги бейиште жашай тургандарга жеткилеңдикке жеткенге миң жыл бөлүп берген (Аян 20:1—3). Азыр Жахаба бизден колубуздан келишинче аракет кыла беришибизди жана ага таяна беришибизди гана күтөт.

7. Азыр эмнелерге токтолобуз?

7 Анда кайсы жактардан Исаны туурай алабыз? Азыр Кудайдын рухунун жемишине кирген төрт сапатты кыскача карап чыгабыз. Ар бирин талкуулап жатканда Исанын ушул сапаттарды чагылдырганынан эмнени үйрөнсөк болоруна көңүл бурабыз. Жаңы табиятты кийгенге канчалык аракет кылып жатканыбызды текшергенге жардам берген айрым суроолорго да токтолобуз.

8. Иса Жахабаны да, адамдарды да жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?

8 Исанын Жахабага болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан Атасы үчүн жана биз үчүн көп нерседен баш тартканга даяр болгон (Жкн. 14:31; 15:13). Анын адамдарды канчалык жакшы көрөрү жашоосунан айкын көрүнүп турган. Ага бут тоскондор болсо да, элге жаны ачып, алардан сүйүүсүн эч качан аяган эмес. Аларды жакшы көрөрүн биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берип көрсөткөн (Лк. 4:43, 44). Андан тышкары, Кудайды жана адамдарды бүт жүрөгү менен сүйөрү күнөөкөрлөрдүн колунан азап чегип, кыйналып өлгөнгө даяр болгонунан көрүнгөн. Ошентип ал баарыбызга түбөлүк жашаганга жол ачкан.

9. Исадай болуп, башкаларды сүйөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

9 Асмандагы камкор Атабыз Жахабаны жакшы көргөндүктөн өмүрүбүздү ага арнап чөмүлгөнбүз. Исадай болуп, Жахабаны жакшы көрөрүбүздү адамдарга жакшы мамиле кылып көрсөтүшүбүз керек. Элчи Жакан: «Ким көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көзгө көрүнбөгөн Кудайды сүйө албайт»,— деп жазган (1 Жкн. 4:20). Мындай деп ой калчап көр: «Адамдарды канчалык жакшы көрөм? Баарын, атүгүл мага орой мамиле кылгандарды да түшүнө билип, боор ооруймбу? Башкаларга Жахабаны таанып-билгенге жардам бериш үчүн убактымды, күчүмдү жумшап, аларды жакшы көрөрүмдү көрсөтүп жатамбы? Көпчүлүк кабарга кулак какпаса же атүгүл бут тоссо да, бул ишке жан-дилим менен катышамбы? Шакирт даярдаганга дагы көбүрөөк катышуунун жолдорун издеймби?» (Эф. 5:15, 16)

10. Иса тынчтыкка кантип умтулган?

10 Иса дайыма тынчтыкка умтулган. Ага жаман мамиле кылышканда да, жамандыкка жамандык менен жооп берген эмес. Ал андан да көптү кылган. Курчуп турган жагдайларда демилгени колго алып, тынчтыкка умтулган, башкаларды да ошого үндөгөн. Мисалы, Жахаба алардын сыйынуусун кабыл алышы үчүн бири-бири менен тынчтыкта болушу керектигин үйрөткөн (Мт. 5:9, 23, 24). Элчилери кимибиз чоңбуз деп талашканда, талашып-тартышпаганга кайра-кайра жардам берген (Лк. 9:46—48; 22:24—27).

11. Канткенде тынчтыкты сактай алабыз?

11 Тынчтыкка умтулуш үчүн чыр-чатакка себепкер болгондон качып эле тим болбошубуз керек. Ынтымакты сакташ үчүн демилгени да колго алышыбыз керек болот. Ошондой эле бири-бири менен келише албай жүргөн ишенимдештерибизди көйгөйүн чечип, ынтымакта болгонго чакырганыбыз жакшы (Флп. 4:2, 3; Жкп. 3:17, 18). Мындай деп ойлонуп көр: «Ортодон ырк кетпеши үчүн эмнеден кечкенге даярмын? Ишенимдешим көңүлүмдү оорутуп койгондо, кек сактап жүрө бербеймби? Элдешиш үчүн өзү биринчи аракет кылсын деп күтүп отура беремби же ал күнөөлүдөй сезилсе да, өзүм биринчи кадам таштаймбы? Орундуу болсо, таарыныша кеткендерди элдешкенге үндөймбү?»

12. Иса боорукер экенин кантип көрсөткөн?

12 Иса боорукер болгон (Мт. 11:28—30). Анын боорукердиги оор жагдайларда да жумшак, ийкемдүү болгонунан көрүнгөн. Алсак, бир жолу финикиялык аял кызын сакайтып беришин суранган. Башында ага өтүнүчүн орундатып бере албай турганын айтса да, күчтүү ишенимин көрүп, кызын сакайткан (Мт. 15:22—28). Иса боорукер болсо да, өтө эле жумшак болгон эмес. Ал катуу болчу жерден катуу болуп, өзү жакшы көргөн адамдарын оңдоп-түзөгөн. Ошонусу менен да боорукер экенин көрсөткөн. Мисалы, бир жолу Петир ага Жахабанын эркин аткарышына тоскоолдук кылганда, башка элчилердин көзүнчө аны ачык эле ашкерелеген (Мр. 8:32, 33). Албетте, ал Петирди басынтыш үчүн эмес, бир нерсеге үйрөтүш үчүн ошенткен. Ошондой эле башка шакирттерине Кудайдын эркин аткарганга жолтоо болбой, кайра колдошу керектигин эскерткиси келген. Петир ошондо бир аз оңтойсуздана түшкөнү турган иш. Бирок Исанын кеңешинин пайдасын көргөн.

13. Чындап боорукер экенибиз эмнеден көрүнөт?

13 Кээде жакшы көргөн адамдарыбызга күйдүрүп айтканга туура келет. Ошону менен аларга чындап күйүп-бышып жатканыбызды көрсөтөбүз. Андайда, Исадай болуп, берчү кеңешиңди Кудайдын Сөзүндөгү принциптерге негиздеп бер. Жумшак бол. Жахабаны да, сени да жакшы көргөндөрдүн туура иш кыла аларына, кеңешиңе кулак кагарына ишенериң көрүнүп турсун. Өзүңдү мындай деп текшерип көр: «Жакшы көргөн адамым туура эмес иш кылып жатса, кеңеш бергенден коркпоймбу? Акыл айтыш керек болсо, шак эле урушуп кирбей жылуу-жумшак айтамбы? Эмне үчүн кеңеш бергим келип жатат? Ага кыжырдангандыктанбы же камын ойлогондуктанбы?»

14. Иса башкаларга эмне үчүн жана кантип жакшылык кылган?

14 Иса эмне жакшылыкка жатарын билип эле тим болбой, жакшылыкты иш жүзүндө да көрсөткөн. Атасын жакшы көргөндүктөн туура иштерди дайыма туура ниет менен кылган. Жакшылык, негизи, иштер менен көрсөтүлөт. Жакшылыкка умтулган киши дайыма башкаларга жардам берүүнүн жолун издеп турат. Анан ошого жараша иш кылат. Бирок жакшылыкка жаткан иштерди билип эле койгонубуз жетишсиз. Биз ошондой иштерди кылышыбыз, болгондо да, туура ниет менен кылышыбыз керек. Кимдир бирөө: «Кантип эле туура ишти туура эмес ниет менен кылмак элең?» — деп таң калышы мүмкүн. Бирок чынында ошондой болушу ыктымал. Мисалы, Иса жакырларга кайыр-садага бергендер өзүн көрсөтүш үчүн ошондой иштерди кыларын айткан. Чынында, ошондой ниет менен жасалган иштер Жахабанын көз алдында эч нерсеге арзыбайт (Мт. 6:1—4).

15. Канткенде жакшылыкка умтулган болобуз?

15 Жакшы иштерди башкаларга көрүнүш үчүн эмес, чын ыкластан кылсак, жакшылыкка умтулган болобуз. Ошондуктан мындай деп ойлонуп көр: «Жакшылыкка жаткан иштерди билип эле койбой, ошондой иштерди кыламбы? Жакшылыкты таза ниет менен кыламбы?»

«КИЙИМИҢДИ» ЖАКШЫ АБАЛДА КҮТӨ БИЛ

16. Күн сайын эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

16 «Чөмүлгөндө жаңы табиятты толук кийген болом. Ошон үчүн андан ары эч нерсе деле кылбай койсом болот»,— деп ойлогондон алыс бол. Биз жакшынакай жаңы «кийимибизди» жакшы абалда күтө билишибиз керек. Ан үчүн: «Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды дагы кантип чагылдырсам болот?» — деп күн сайын изденип турганыбыз жакшы. Эмне үчүн? Себеби Жахаба — иш-аракет кылган Кудай. Анын ыйык руху да дайыма иш-аракет кылганга түрткү берет (Башт. 1:2). Демек, рухтун жемишине кирген ар бир сапат аны иш жүзүндө колдонгонго түрткү бере да алат, бериши да керек. Маселен, шакирт Жакып: «Ишсиз ишеним... өлүк»,— деп жазган (Жкп. 2:26). Рухтун жемишине кирген башка сапаттар жөнүндө деле ошону айтсак болот. Андыктан ал сапаттарды чагылдырганда Кудайдын руху бизге таасир этип жатканы айкын болот.

17. Рухтун жемишине кирген сапаттардын бирин чагылдыра албай калсак, эмне кылсак болот?

17 Чөмүлгөнүнө көп жыл болгон ишенимдештерибиз да кээде рухтун жемишине кирген сапаттарды чагылдыра албай калышы мүмкүн. Эң маанилүүсү, андайда багынбаш керек. Бир мисал карап көрөлү. Жакшы көргөн кийимиң жыртылып калса, шак эле ыргытып жибересиңби? Албетте антпейсиң. Колдон келсе, жамаганга аракет кылмаксың. Андан кийин дагы айрып албаш үчүн этияттап калмаксың. Анын сыңарындай, кайсы бир жагдайда боорукер, чыдамдуу боло албай калсаң же сүйүү көрсөтө албай калсаң, көңүлүңдү чөгөрбө. Эгер чын жүрөктөн кечирим сурасаң, мындайча айтканда, мамилеңердеги жыртыкты «жамаган» болосуң. Ошентип мамилеңер калыбына келет. Кийинкиде болсо катаңды кайталабаганга аракет кыл.

18. Эмнеден шектенбесек болот?

18 Исанын үлгүсү үчүн кандай гана ыраазыбыз! Аныкындай ой жүгүрткөнгө, аныкындай көз карашта болгонго канчалык аракет кылсак, ага окшоп иш кылган ошончолук жеңилирээк болот. Ал эми Исадай иш кылганга канчалык көбүрөөк аракет кылсак, жаңы табиятка кийинген барган сайын оңой боло берет. Бул макалада Кудайдын рухунун жемишине кирген төрт сапатты карап чыктык. Рухтун жемишине кирген дагы башка сапаттар жөнүндө изилдеп, аларды канчалык чагылдырып жатканың жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң болот. Буга байланыштуу макалаларды «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралынан» таба аласың. Ан үчүн «Кудайдын кызматчыларынын жашоосу» деген теманын ичиндеги «Ыйык рухтун жемиши» деген бөлүктү кара. Эгер сенден талап кылынганды кыла берсең, Жахаба жаңы табиятты кийип, кайра чечпегенге жардам берет!

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

^ 5-абз. Жахабаны таанып-билгенге чейинки жашообуз кандай болбосун, «жаңы табиятты» кие алабыз. Ан үчүн мындан ары да ой жүгүртүүбүздү өзгөртүп, Исаны туураганга аракет кыла беришибиз керек. Бул макалада Исанын кандай ой жүгүрткөнүн, кандай иштерди кылганын карап чыгабыз. Ошондой эле чөмүлгөндөн кийин да аны кантип туурай аларыбызды талкуулайбыз.

^ 4-абз. Галатиялыктар 5:22, 23тө Кудайдын руху өрчүткөнгө жардам берген сапаттардын баары саналып өткөн эмес. Ушул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Окурмандардын суроолорун» кара («Күзөт мунарасы», 2020-ж., июнь).