Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балаңарга момун болууну үйрөткүлө

Балаңарга момун болууну үйрөткүлө

КӨЙГӨЙ

  • Он эле жаштагы балаңар башкаларды теңине албай, бой көтөрө баштайт.

  • Ал ар бир кишинин ага өзгөчө мамиле кылышын күтөт.

Силер: «Балама эмне болгон? Анын өзү тууралуу жакшы ойдо болушун каалагам, бирок өзүн башкалардан артык көрө баштайт деп ойлогон эмесмин»,— деп кабатырланасыңар.

Өзүн-өзү сыйлоо сезимине доо кетирбей, балдарга момун болууну үйрөтсө болобу?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Акыркы ондогон жылдар аралыгында ата-энелер балдарынын ою менен болууга, алар жарыткан эч нерсе кылбаса деле, көккө чыгара мактай берүүгө жана тартипке салуудан, оңдоп-түзөөдөн качууга чакырылып келишкен. Балдар өздөрүн өзгөчө сезишсе, алар өзүн-өзү сыйлаган, тең салмактуу инсан болуп чоңоюп-өсүшөт деген ой кеңири жайылган. Бирок мунун натыйжасы кандай болгон? Бир китепте: «„Сен өзгөчөсүң“ деген багыттагы тарбиянын кесепетинде оор басырыктуу, бактылуу балдардын ордуна, өзүн ашкере сүйгөн, кишини көзгө илбеген кенедей балдардын килейген аскери пайда болгон»,— деп жазылган («Generation Me»).

Көптөгөн балдарды ата-энеси кирпигине кир жугузбай тарбиялагандыктан, алар жашоодо кездешчү көңүл кайттыкка, сын-пикирге, иши оңунан чыкпай кала турган жагдайларга таптакыр даяр болушпайт. Керт башын гана ойлоп чоңоюп калгандыктан аларга башкалар менен ынак, бекем мамиле түзүү кыйын. Натыйжада алар санаачыл болуп, көңүл чөгөттүккө көп учурашат.

Дайыма өзгөчө экенин айтып турганда эмес, бүт күчүн жумшап, арзырлык иштерди кылганда гана балдар чындап өзүн-өзү сыйлаган жакшы инсан болуп чоңоюшат. Бул өзүн ишенимдүү сезүүдөн да көптү талап кылат. Алар кайсы бир нерселерди кылганды үйрөнүшү, иш жүзүндө колдонушу жана улам чебердигин өркүндөтө бериши керек (Накыл сөздөр 22:29). Алар башкаларга да кам көргөндү үйрөнүшү керек (1 Корунттуктар 10:24). Мунун баары момун болууну талап кылат.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Чындап татыктуу болгондо гана мактагыла. Кызыңар мектептеги сынактан жакшы баа алса, мактагыла. Ал эми төмөн баа алса, дароо эле мугалимин күнөөлөп кирбегиле. Бул ага момун болууну үйрөтпөсү турган иш. Анын ордуна, эмкиде канткенде жакшы баа алса болорун үйрөткүлө. Жөнү жок эмес, жакшы иш кылганда гана мактагыла.

Зарыл болсо, оңдоп-түзөгүлө. Бул баланы туура эмес кылган ар бир иши үчүн сындай берүү дегенди билдирбейт (Колосалыктар 3:21). Ошол эле учурда орчундуу каталарына көз жумуп коюу да туура эмес. Кулк-мүнөзүндөгү олуттуу кемчиликтер тууралуу да ушуну айтууга болот. Болбосо алар терең тамыр алып, кан-жанына сиңип калышы мүмкүн.

Маселен, балаңардын мактанууга жакын экенин байкап калдыңар дейли. Аны өз учурунда оңдобосоңор, ал менменсинип кетип, башкалар андан жаа бою кача башташы мүмкүн. Андыктан ага мактанчаактар сыртынан жаман көрүнөрүн, өздөрү эле уят болуп каларын түшүндүргүлө (Накыл сөздөр 27:2). Өз кадырын билген кишиге колунан эмне келерин баарына жар салуунун зарылдыгы жок экенин да айткыла. Сүйүүдөн улам берилген ушу сыяктуу таалим-тарбия балаңардын кадырын түшүрбөйт, тескерисинче, момундук сапатын өрчүтүүгө жардам берет (Ыйык Китептеги принцип: Матай 23:12)

Жашоодогу кыйынчылыктарга даярдагыла. Баланын айткан-дегенин аткарып, көзүнүн агы менен тең айлана берсеңер, ал өзүн хан сезе баштайт. Андыктан, мисалы, балаңар чама-чаркыңар жетпеген нерсени сураса, чөнтөккө жараша жашоо эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүргүлө. Эки жакка чыгып эс алуудан же өргүүдөн баш тартууга туура келсе, жашоодо дайыма эле ойдогудай боло бербесин, балким, андайда силер кантип оң маанай сактай турганыңарды айтып бергиле. Аны бардык кыйынчылыктардан калкалай бербегиле. Анын ордуна, чоңойгондо кездеше турган көйгөйлөргө эмитен даярдагыла (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 29:21).

Берешен болууга үндөгүлө. «Алганга караганда берген бактылуу» экенин үлгүңөр менен көрсөткүлө (Элчилер 20:35). Мисалы, чогуу отуруп алып, азык-түлүк алууга, бир жакка жеткирүүгө, үйүндө бир жерин оңдоого муктаж болгондордун тизмесин түзгүлө. Анан аларга кол кабыш кылыш үчүн барганда балаңарды алып алгыла. Балаңар башкаларга кам көрүү силерге канчалык кубаныч тартуулаарын, канчалык жагымдуу экенин көргүдөй болсун. Ооба, силердин үлгүңөр — балага момун болууну үйрөтүүнүн эң эле күчтүү ыкмасы (Ыйык Китептеги принцип: Лука 6:38)