Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адам канчалык узак жашай алат?

Адам канчалык узак жашай алат?

Адам канчалык узак жашай алат?

«Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет» (Аюб 33:25).

ОН-ЖЫЙЫРМА жыл жашап өлсө да, ит иттердин адаттагы иштеринин баарын жасап үлгүрөт көрүнөт: ал күчүк тууп-багат, дыркырата мышык кууйт, кемирген сөөк-саагын катат, кожоюнун кайтарат... Ал эми адам 70—80 жашка чыгып өлсө, мүмкүнчүлүк-жөндөмдүүлүктөрүнүн чети оюлбаган бойдон калат: спортту жакшы көрсө, бир-эки түрүн гана аркалагандыр, музыкага кызыкса, эки-үч аспапта гана ойногонду үйрөнгөндүр, четтилдерди жактырса, эки-үч тилде гана эркин сүйлөп үйрөнүүгө жетишкендир. Бирок адам андан узагыраак жашаса, дагы канчалаган нерселерди жасап үлгүрөр эле, мисалы, жаңы досторду күтмөк, ар кандай изилдөөлөргө иришмек жана Жаратканы менен жакшыраак таанышмак...

Силерге, балким: «Кудай адам баласын эмне үчүн жашоонун ушунчалык көп жактарынан ырахат алууну каалатып, бирок өмүрүн кыска кылып жаратып койгон?» — деген ой келеттир. Ооба, өмүрүбүздүн кыскалыгы жаратылганыбыздагы максатка ылайык келбегенсийт. «Кудай бизге адилеттик, боорукердик өңдүү асыл сапаттарды бергени менен, эмне үчүн жамандык жасоого жакын кылып жаратып койгон»,— деп да ойлошубуз ыктымал.

Жакшынакай, бирок бир жери кабырылып же мыйрыйып калган автоунааны көрсөңөр, «башынан эле ошентип жасалган окшойт» деп ойлойт белеңер? Жок, антмек эмессиңер. Анын кынтыксыз жасаларын билгендиктен, кимдир-бирөө кагып кеткен болуш керек дейсиңер. Ошол сыяктуу эле, адамдын жашоосунун канчалык баалуу экени жөнүндө ой жүгүрткөндө, азыркы жашоонун ойдогудай эмес экенин түшүнөбүз. Өмүрүбүздүн кыскалыгын жана жамандык жасоого жакындыгыбызды автоунаанын кабырылган жерине салыштырсак болот. Бизге берилген кереметтүү белекти, жеткилең жашообузду, кимдир бирөө зыянга учураткан. Ким? Бул суроого Ыйык Китептен так жооп алабыз.

Адамдар чексиз өмүр сүрүшү керек болсо, андай мүмкүнчүлүктөн ким ажыраткан? Буга бардык адамдардын түпкү бир атасы гана себепкер боло алмак. Андан башкалар айыптуу болсо, өзүлөрүнүн тукумдарына гана зыян келтирмек. Муну Кудайдын Сөзү, Ыйык Китеп: «Дүйнөгө бир адам [түпкү атабыз Адам] аркылуу күнөө кирди... Ошентип, өлүм бардык адамдарга өттү»,— деп ырастайт (Римдиктерге 5:12). Айтылгандардан биздин түбөлүк өмүрүбүзгө балта чапкан Адам ата экени айкын болот. Мындай каргаша болбосо, биздин жашообуз кандай болмок?

Алгачкы ой-ниет

«Дүйнөгө... күнөө кирди» деген сөздөр адамдардын өлүм үчүн жаратылбаганын айкындайт. Алардын карышы, өлүшү — биринчи адамдын Кудайга каршы чыккандыгынын натыйжасы. Ал эми жаныбарлар, адамдардан айырмаланып, түбөлүк жашоо үчүн жаратылган эмес (Башталыш 3:21; 4:4; 9:3, 4).

Адамдар башкача жаратылган. Периштелердин деңгээли адамдардыкынан жогору болгондой эле, адамдардын деңгээли жаныбарлардыкынан жогору (Эврейлерге 2:7). Адамдар «Кудайдын бейнеси боюнча» жаратылган (Башталыш 1:27). Дагы бир өзгөчөлүгү — Ыйык Китепте Адам «Кудайдын уулу» деп аталат (Лука 3:38). Булардан көрүнүп тургандай, адам баласынын картаюуга жана өлүүгө жаратылбаганына ишенүүгө орчундуу негиздер бар. Кудай өзү эч качан өлбөйт, ошондуктан жердеги балдарын да түбөлүк жашоо үчүн жараткан (Хабакук 1:12; Римдиктерге 8:20, 21).

Адамзаттын тарыхы жаңыдан башталганда алардын канчалык узак жашашканы да Кудайдын ой-ниетин аңдоого жардам берет. Ал кезде адамдар жүздөгөн жылдар бою картайбай жашашкан. Мисалы, Адам ата 930 жыл жашаган. Андан бир нече кылымдан кийин Нухтун уулу Шем — 600 жыл, Нухтун небереси Арпакшат 438 гана жыл өмүр сүргөн * (Башталыш 5:5; 11:10—13). Кийинчерээк жашаган Ыбрайым, болгону, 175 жашка барып көз жумган (Башталыш 25:7). Күнөөнүн залакасы адамдардын өмүрүнүн узактыгына, сыягы, акырындык менен тийген: алар жеткилеңдиктен алыстаган сайын, өмүрү кыскара берген. Бирок адамдар оболу түбөлүк жашоо үчүн жаратылган эмес беле. Ошондуктан мындай суроо пайда болот: Кудай баштагыдай эле адамдардын жер үстүндө түбөлүк жашашын каалайбы?

Карылык жок болот

Жахаба тил албастык менен күнөө кетирүүнүн жазасы өлүм болорун айткан, ошон үчүн Адам атанын урпактарынын баары үмүтсүз абалда калышкан (Башталыш 2:17). Бирок Кудайдын Сөзүндө кимдир бирөө кун төлөп, карылыкты токтотору айтылган. «„Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым“,— дейт. Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Аюб 33:24, 25; Ышайа 53:4, 12). Мындай келечектин келиши кун төлөгөн бирөөнүн аркасында мүмкүн болуп, карылык түбөлүккө жок болот!

Кунду ким төлөйт? Ал кундун наркы акча менен бааланбайт. Жеткилең эмес адамдар тууралуу Ыйык Китепте: «Адам өз бир тууганын эч куткара албайт, аны куткарып алуу үчүн, Кудайга кун төлөй албайт... түбөлүк жашаш үчүн... кун төлөй албайт»,— деп айтылат (Забур 48:8—10). Ал баалуу нерсени Ыйса Машайак гана бере алган. Ыйса Кудайдын Уулу болгондуктан, ага Адамдын күнөөсү өткөн эмес. Ошон үчүн ал жеткилең болгон. Ал «өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келгенин» жана «адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келгенин» айткан (Матай 20:28; Жакан 10:10).

Жерде жүргөндө Ыйса түбөлүк өмүргө байланыштуу үмүт тууралуу кабарлаган. Ишенимдүү шакирт Петир да ага бир жолу: «Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде»,— деген (Жакан 6:68). Ыйык Китепте түбөлүк өмүр кандай сүрөттөлөт?

Чексиз өмүр

Элчилер асманда чексиз жашоого ээ болуп, Ыйсанын Падышалыгында чогуу бийлик кылар маалын чыдамсыздык менен күтүшкөн (Лука 22:29; Жакан 14:3). Ыйса Кудайдын жерге байланыштуу да кандай ой-ниети бар экенин жарыялаган (Матай 5:5; 6:10; Лука 23:43). Анын көрсөткөн кереметтери жана түбөлүк жашоо жөнүндөгү окуулары Кудайдын Ышайа пайгамбар аркылуу, Ыйса жерге келгенге чейин эле берген убадаларын бышыктаган. «Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»,— деп жазган Ышайа (Ышайа 25:8). Ошондо эч качан закымдап учкан жаштыктын артынан кызыл өңдөн нур кетирип, ал-күчтөн тайдырган карылык келбейт!

Кудайдын жаңы заманында жеткилеңдикке жеткенде ишенимдүү адамдар карылыктын торунан кутулушат. Ыйык Китепте: «Жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болобуз»,— деп айтылган (Римдиктерге 8:21). Элестетсеңер! Адамдардын акылмандыгы, тажрыйбасы улам арта берет. Канча кылымдар өтпөсүн, карып-аруу деген болбойт. Ал маалды силер да өз көзүңөр менен көрөсүңөрбү?

Канчалык узак өмүр сүрөсүңөр?

Ыйса жердеги адамдардын саны Кудай өкүмүн ишке ашыргандан кийин кескин азаярын айткан (Матай 24:21, 22). «Кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз»,— деген ал (Матай 7:13, 14).

Түбөлүк жашагандардын арасында силер да болушуңар үчүн, Кудайдын жактыруусуна ээ болууга умтулушуңар керек. Ан үчүн Кудай тууралуу билим алуудан баштоо зарыл. Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени... таануу»,— деген (Жакан 17:3). Албетте, Кудай тууралуу так билим алам десек, күч-аракет жумшоо талап кылынат. Бирок аныбыздын акыбети кайтат. Ойлоп көрсөңөр, нан таап жеш үчүн деле күнүгө иштеп жатпайбызбы. Ыйса болсо Кудай жөнүндөгү билимди тамакка салыштырып: «Күнүмдүк тамак үчүн эмес, түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенгиле»,— деген (Жакан 6:27). Канча күч-аракет жумшабайлы, түбөлүк өмүр үчүн ал көптүк кылабы?! (Матай 16:26).

Ыйса мындай деген: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). Силердин канчалык узак өмүр сүрөрүңөр Кудайдын сүйүүсүнө кайтарган жообуңардан көзкаранды болот.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Айрымдар Ыйык Китептин бул жеринде айтылган жылдарды айга барабар деп ырасташат. Бирок аятта Арпакшат 35 жашка чыкканда, Шелах төрөлгөн делген. 35 жыл эмей эле ай болсо, Арпакшат үч жашка чыга элегинде балалуу болуп калмак, бул — акылга сыйбас нерсе. Башталыш китебинин алгачкы бөлүмдөрүндө Күн календары боюнча эсептелген жылдар менен Ай календары боюнча эсептелген айлардын ортосунда айырма жасалат (Башталыш 1:14—16; 7:11).

[7-беттеги сүрөт]

80ге чыккан адамдын жөндөмдүүлүктөрүнүн чети оюлбаган бойдон калат

Бул автоунаа башынан эле кабырылган беле?

[8-беттеги сүрөт]

Адамдар деңгээли боюнча жаныбарлардан кыйла жогору турат

[9-беттеги сүрөт]

Кудайдын Сөзүндө адамдардын «жаш чагына кайрылып келери» айтылган