Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Канткенде ата-энемдин ишеничине ээ боло алам?

Канткенде ата-энемдин ишеничине ээ боло алам?

 Эмнелерди билишиң керек?

 Канчалык эркиндикке ээ болоруң канчалык ишеничтүү болгонуңан көз каранды. Ата-энең бекиткен эрежелерге баш ийүү карыз алууга окшош. Сен ата-энеңе «карызсың», башкача айтканда, аларга баш ийүүгө милдеттүүсүң. Эгер «карызыңды» убагында төлөп турсаң, алар сага көбүрөөк «насыя» (же эркиндик) бериши мүмкүн. Ал эми ишеничтүү болбосоң, ата-энең «насыяны» кыскартышы, тактап айтканда, эркиндигиңди чектеши ыктымал.

 Ишеничке ээ болуш үчүн убакыт талап кылынат. Ата-энеңен көбүрөөк эркиндик алардан мурун ишенүүгө татыктуу экениңди жүрүм-турумуң менен далилдешиң керек.

 БОЛГОН ОКУЯ: «Өспүрүм кезимде ата-энемдин менден эмне талап кыларын жакшы билчүмүн жана аларды кылып жаткандай болуп койчумун. Бирок чынында аларга билгизбей, каалаганымды кылып жүрө берчүмүн. Ошонун айынан ата-энем мага ишенбей калган. Кийинчерээк аларды алдап көбүрөөк эркиндикке жете албасымды түшүндүм. Ата-энең сага ишениши үчүн, өзүң ишеничтүү болушуң керек» (Крейг).

 Эмне кылсаң болот?

 Оор болсо да, чынчыл бол. Баары эле ката кетирет, бирок туура эмес кылып алганыңды билгизбеш үчүн калп айтсаң (же кээ бир нерселерди жашырып койсоң), ата-энеңдин ишеничинен кетесиң. Ал эми дайыма чынчыл болсоң, ата-энең катаңды мойнуңа алганды үйрөнүп, жетиле баштаганыңды байкайт. Мындай адам ишеничтүү деп эсептелет.

 «Ката кетирип алсаң, сөзсүз эле ишеничтен кетпешиң мүмкүн, бирок аны жашырсаң, сөзсүз ишеничтен кетесиң» (Анна).

 Ыйык Китепте: «Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз»,— деп жазылган (Еврейлер 13:18).

  •   Ойлонуп көр. Ата-энең каякка барарыңды, эмне кыларыңды сураганда, баарын чынчылдык менен айтасыңбы? Же кайда жүргөнүңдү, эмне кылганыңды сураганда, алар билиши керек болгон нерселердин баарын жашырбай айтып бересиңби?

 Жоопкерчиликтүү бол. Үйдөгү эрежелердин баарына баш ий. Үй жумуштарын создуктурбай бүтүр. Милдеттериңди тактык менен аткар. Сабагыңа жоопкерчиликтүү кара. Ата-энең айткан убакта үйдө болуп кал.

 «Ата-энең досторуң менен бир жакка барууга уруксат берип, бирок кечки саат тогузда келип кал десе, сен он жарымда келсең, эмкиде да досторуң менен жиберет деп күтпө» (Райан).

 Ыйык Китепте: «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— делет (Галатиялыктар 6:5).

  •   Ойлонуп көр. Үйгө убагында келүү, үй жумуштарын кылуу, атүгүл сага жакпаган эрежелерге да баш ийүү жагынан кандай атка ээсиң?

 Чыдамдуу бол. Эгер ата-энеңдин ишеничинен кетип калган болсоң, кайрадан ишеничке ээ болуш үчүн убакыт талап кылынат. Андай учурда күткөнгө даяр бол.

 «Чоңоюп калсам деле ата-энемдин мага көбүрөөк жоопкерчилик бербегенине капа болгом. Чоңойсоң эле, жетилип калбай турганыңды ошондо түшүнгөн эмесмин. Ата-энемден мага ишенсе болорун далилдөөгө мүмкүнчүлүк беришин сурадым. Буга бир канча убакыт кетти, бирок натыйжасы жакшы болду. Белгилүү бир жашка чыкканың үчүн эмес, кандай иштерди кылганың үчүн ишеничке ээ болот экенсиң» (Рейчел).

 Ыйык Китепте: «Өзүңөрдү сынап тургула»,— деп жазылган (2 Корунттуктар 13:5).

  •   Ойлонуп көр. Ата-энеңдин ишенимине ээ болуш үчүн (же кайрадан ишеничине кириш үчүн) өзүңдү сынап, башкача айтканда, жакшырчу жактарыңды байкап, өзгөрүш үчүн эмнелерди кылсаң болот?

 КЕҢЕШ: Так болуу, үй иштерин бүтүрүү, ата-энең белгилеген убакта үйгө келип калуу же дагы башка ушу сыяктуу нерселерге байланыштуу максат кой. Ата-энеңе буларды кылууга чечкиндүү экениңди билдирип, алардан ишеничине ээ болуш үчүн эмнелерди кылышыңды каалаарын сура. Анан Ыйык Китептеги: «Мурдагы жашоо мүнөзүңөргө ылайык калыптанган... эски табиятты чечкиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылганга бүт күчүңдү жумша (Эфестиктер 4:22). Убакыттын өтүшү менен ата-энең сенин жакшырып жатканыңды байкайт.