Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Сүйлөшкөнүбүздү токтотконубуз оңбу? (1-бөлүк)

Сүйлөшкөнүбүздү токтотконубуз оңбу? (1-бөлүк)

 Айрым учурларда сүйлөшкөнүңдү токтотуп койгонуң эң туура болушу мүмкүн. Жулия деген бир кыздын мисалына токтололу. Ал мындай дейт: «Башында сүйлөшкөн жигитимдин менин каякта жүргөнүмдү, эмне кылганымды, ким менен жүргөнүмдү дайыма билип жүргүсү келгени абдан жакчу. Бирок ошентип отуруп ал мени такыр эле бура бастырбай калды — андан башка эч ким менен убакыт өткөрө алгыс болуп калдым. Анткени ал мени атүгүл үйүмдөгүлөрдөн да, өзгөчө, атамдан кызгана баштады. Акырында аны менен сүйлөшпөй калдым. Ошондо үстүмөн оор жүктү алып салгандай эле жеңилдеп калдым».

 Сара деген кыздын да окуясы ушуга окшош. Ал Жон деген сүйлөшүп жүргөн жигитинин кишини басынтып сүйлөй турганын, бир нерсени оңою менен жактырбаганын жана орой экенин байкай баштаган. Сара мындай деп эскерет: «Бир жолу ал үч саатка кечигип келди. Эшикти апам ачкан. Жон апамды көзгө илбей, үйгө кирип келип: „Жүр, кеттик, биз кечигип жатабыз“,— деди. „Мен“ эмес, „биз кечиктик“,— дегенине күйүп кеттим. Ал кечирим сураган да, эч нерсени түшүндүргөн да жок. Баарынан да апамды сыйлабаганына жаман болдум».

 Бул, албетте, кимдир бирөөнүн бир эле жолку кетирген жаңылыштыгы же кемчилиги үчүн аны менен мамилеңди үзүшүң керек дегенди билдирбейт (Забур 130:3). Бирок Саранын жагдайы башка болчу. Ал Жондун ошондо жөн гана ойлонбой иш кылып албаганын, анын оройлугу көнүмүш адат болуп калганын түшүнгөн. Ошондуктан аны менен мамилесин үзүүнү чечкен.

 Сен да, Жулия менен Сарадай болуп, сүйлөшкөн адамыңдын сага өмүрлүк жар болууга ылайыктуу эмес экенин түшүнүп жатсаң, эмне кылышың керек? Өзүңдү алдаба! Кандай кыйын болбосун, андайда мамилеңерди үзгөнүңөр эле туура болот. Анткени Накыл сөздөр 22:3тө: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деп айтылат.

 Албетте, бул оңой эмес. Бирок кимдир бирөө менен турмуш куруу түбөлүккө созуларын унутпашың керек. Кийин бармагыңды тиштеп өмүр бою өкүнгөндөн көрө, азыр бир аз кыйналганың жакшы.