Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Мугалимим менен кантип тил табышам?

Мугалимим менен кантип тил табышам?

 Жаман мамиле кылган мугалимдер

 Эртеби-кечпи, ар бир окуучу калыс эмес, талапты катуу койгон же кыжырына тийген мугалими менен келише албай, кыйналышы мүмкүн.

  •   21 жаштагы Луис мындай дейт: «Жаман сөздөрдү айтып, окуучуларды басынта берген мугалимим бар болчу. Ал жакында пенсияга чыкмак. Ошон үчүн жумуштан чыгарып жиберет деп коркчу эмес окшойт».

  •   25 жаштагы Меланиге болсо мугалими өзгөчө катаал мамиле жасачу. «Мен башка динди туткан үчүн эле ошенте берчү. Ал мага ушуга көнүшүм керектигин, чоңойгондо андан да жаман болорун айткан»,— деп эскерет ал.

 Эгер сенин да мугалимиң өктөм болсо, мектептеги күндөрүң азапка айланып кетпеши үчүн, бир нерсе кыла аласың. Ан үчүн төмөнкү кеңештерди колдонуп көр.

 Мугалимдин тилин табыш үчүн...

  •   Ылайыкташа бил. Мугалимдер окуучулардын баарына эле бирдей талап коё бербейт. Ошон үчүн мугалимиң жеке сенден эмнени талап кыларын аныктап, аны аткарганга бүт күчүңдү жумша.

     Ыйык Китептеги принцип: «Акылдуу адам угуп, көп нерсеге үйрөнөт» (Накыл сөздөр 1:5).

     «Мен тапшырманы мугалимим каалагандай кылып аткарышым керектигин түшүндүм. Ошол себептен ага жаккандай кылыш үчүн колумдан келгендин баарын кылчумун. Ошонун аркасында аны менен оңой тил табыша баштагам» (Кристофер).

  •   Урматтап-сыйла. Мугалимдериңе эч качан орой сүйлөбө. Өздөрү күнөөлүү болсо да, каяша айтпа. Ал сенин теңтушуң эмес, мугалимиң экенин эсиңден чыгарба.

     Ыйык Китептеги принцип: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер» (Колосалыктар 4:6).

     «Көп учурда окуучулар мугалимдерди кадырлашпайт. Ошон үчүн мугалимдериңди сыйласаң, алар муну байкабай койбойт» (Сиара).

  •   Түшүнө бил. Мугалимдер деле кадимки адамдар. Ошол себептен башкалардай эле алар да тынчсызданышат, сарсанаа болушат. Андыктан «мугалимим жаман» же «ал мени жек көрөт» деп ойлогонго шашпа.

     Ыйык Китептеги принцип: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жакып 3:2).

     «Мугалимдердин жумушу аябай эле оор. Ар бир баланы тартипке салып, окутуп-үйрөтүш оңой эмес. Ошон үчүн мен мугалимимдин тилин алып, ага оордук келтирбегенге аракет кылчумун. Жок дегенде бир бала тил алса, ага оңой болот деп ойлочумун» (Алексис).

  •   Ата-энең менен сүйлөш. Ата-энең гана сенин жыргалчылыгыңды көздөйт. Алар мектепте жакшы окушуңду каалашат. Ошондуктан алардын кеңешине кулак каксаң, келише албай жаткан мугалимиң менен жакшы мамиледе боло аласың.

     Ыйык Китептеги принцип: «Акылдашпаса, ой-максат ишке ашпайт» (Накыл сөздөр 15:22).

     «Кыйынчылыктарды чечүү жагынан жаштарга караганда ата-энелердин тажрыйбасы көп. Ошон үчүн аларды угуш керек. Бул ийгиликке жеткирет» (Оливиа).

 Мугалимиң менен кантип сүйлөшсөң болот?

 Айрым учурларда ортодогу түшүнбөстүк жөнүндө мугалимиң менен сүйлөшүшүң керек болот. Албетте, бетме-бет сүйлөшкөндөн коркушуң мүмкүн. Бирок тынчсызданба. Анткени бул — талашып-тартышуу эмес, тек гана сүйлөшүү. Адатта, мындай кылуу сен ойлогончолук оор болбойт. Натыйжасы да жакшы болот.

 Ыйык Китептеги принцип: «Тынчтыкка... умтулгула» (Римдиктер 14:19).

 «Эгер мугалимиң сени менен эле тирешип жаткандай сезилип жатса, ага жакпаган бир нерсе кылган-кылбаганыңды сурап көр. Мунун аркасында эмнени жакшыртышың керектигин билип аласың» (Жулиана).

 «Сабакка чейин же сабактан кийин мугалимиң менен өзүнчө сүйлөшүп көр. Анын сага жасаган мамилесинен улам өзүңдү кандай сезип жатканыңды жылуу-жумшак түшүндүр. Ошентсең, ал айткандарыңды туура көрүшү жана көйгөйдү чечиш үчүн кандай иш-аракет кылганыңды көрүп, сени сыйлап калышы мүмкүн» (Бенжемин).

 БОЛГОН ОКУЯ

 «Аябай эле начар окуй баштагам. Мугалимим болсо такыр жардам берчү эмес. Мугалимимдин айынан аябай кыйналып кеткендиктен, мектепти таштап салгым келчү.

 Бир күнү бир агай менен кеңештим. Ал мага мындай деп айтты: „Ал сени жакшы билбейт, сен да аны жакшы билбейсиң. Аны менен ачык сүйлөшүп көрбөйсүңбү. Балким, ошонун аркасында аны менен сүйлөшкөндөн корккон башка окуучуларга да жардам бере аласың“.

 Мен так ошол нерседен качып жаткам. Бирок ойлонуп көрүп, анын айткандары туура экенин түшүндүм. Жагдайды өзгөртүш үчүн өзүм барып сүйлөшүшүм керек болчу.

 Ошентип, кийинки күнү мугалимим менен сүйлөштүм. Анын сабагын аябай жакшы көрөрүмдү, андан толук пайда алгым келерин сылык түшүндүрдүм. Бирок мен сабактан кыйналып, эмне кылышты билбей жатканымды айттым. Ошон үчүн ал мага кеп-кеңештерин берди. Ал тургай сабактан кийин же электрондук кат аркылуу жардам берип турарын айтты.

 Ушундай болот деп такыр күткөн эмесмин! Аны менен сүйлөшкөнүмдүн аркасында ортобуздагы дубал урагандай эле болду. Ошондон кийин сабактарыман көп кыйналбай калдым» (Мария).

 Кеңеш: Эгер мугалимиң менен тил табышканды үйрөнүп алсаң, мунун чоңойгондо да кереги тиет. 22 жаштагы Кэтти мындай дейт: «Мектепти бүтүргөндөн кийин деле сага жаман мамиле кыла турган адамдар менен иштешкенге туура келиши мүмкүн. Мүнөзү оор мугалимиң менен жакшы мамиледе болгонго үйрөнсөң, кийин ошондой кишилер менен оңой тил табышып кетесиң».