Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Чөмүлгөндөн кийин эмне кылышым керек? (2-бөлүк) Кынтыксыздыгыңды сакта

Чөмүлгөндөн кийин эмне кылышым керек? (2-бөлүк) Кынтыксыздыгыңды сакта

 Ыйык Китепте Жахабанын «кынтыксыз жүргөндөрдү жакшылыктан кем кылбай» турганы жазылган (Забур 84:11). «Кынтыксыз жүрүү» деген эмнени билдирет? Бул Жахабага өмүрүңдү арнаганда берген убадаңа ылайык жашаганды билдирет (Насаатчы 5:4, 5). Чөмүлгөндөн кийин да кантип кынтыксыздыгыңды сактай аласың?

Бул макалада:

 Кыйынчылыктарга туруштук бере бер

 Негизги аят: «Кудайдын Падышалыгына биз көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу киришибиз керек» (Элчилер 14:22).

 Бул эмнени билдирет? Ачыгын айтканда, Кудайдын бардык кызматчылары кыйынчылыктарга кептелишет. Шылдың же каршылык сыяктуу кыйынчылыктарга болсо Кудайдын кызматчысы болгон үчүн кабылабыз. Ал эми акча же ден соолукка байланыштуу көйгөйлөргө бардык эле адамдар туш болушат.

 Кандай болушу мүмкүн? Жашоодо оош-кыйыштар болуп турат. Кээ бир өзгөрүүлөр сага жакпашы мүмкүн. Ыйык Китепте айтылгандай, жамандык Кудайга кызмат кылгандардын да, кызмат кылбагандардын да башына түшөт (Насаатчы 9:11).

 Эмне кылсаң болот? Кыйынчылыктар сенден кыя өтпөөрүн билгендиктен, аларга алдын ала даярдансаң болот. Көйгөйлөрдү ишенимиңди чыңдоого жана Жахабага көбүрөөк таянууга мүмкүнчүлүк катары көр (Жакып 1:2, 3). Убакыттын өтүшү менен сен да элчи Пабыл айткан сөздөрдү айта аласың. Ал: «Анткени мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп айткан (Филипиликтер 4:13).

 БОЛГОН ОКУЯ. «Чөмүлгөнүмөн көп өтпөй эле байкелерим чындык жолун таштап кетишкен. Ата-энем ооруп калды. Анан мен да ооруп калдым. Мен бат эле багынып, Кудайга өмүрүмдү арнаганда „сени жашоомдо биринчи орунга коём“ деген убадамды оңой эле унутуп коё алмакмын. Бирок мага так ошол нерсе, Кудайга өмүрүмдү арнаганым, кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берген» (Карэн).

 Кеңеш: Жусуп жөнүндө көбүрөөк бил. Анын жашоосу тууралуу Башталыш китебинин 37- жана 39—41-бөлүмдөрүнөн окуй аласың. Мындай деп ойлонуп көр: «Ал капилеттен кандай кыйынчылыкка туш болгон? Ал аны кантип көтөргөн? Жахаба Жусупка кантип жардам берген?»

 Жардам керекпи?

 Азгырыктарга туруштук бере бер

 Негизги аят: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат» (Жакып 1:14).

 Бул эмнени билдирет? Баарыбыз эле кээде жаман каалоолорго азгырылабыз. Эгерде аларды ооздуктабасак, туура эмес ишке түртүшү мүмкүн.

 Кандай болушу мүмкүн? Чөмүлгөндөн кийин эле «дене кумары» жок болуп кетпейт (2 Петир 2:18). Үй-бүлө курганга чейин эле жыныстык мамиледе болууга азгырылышың мүмкүн.

 Эмне кылсаң болот? Азыр, азгырылганга чейин эле, эмне кыларыңды чечип ал. Тагыраак айтканда, каалоолоруңдун чечимдериңе таасир этпешине бел байла. Исанын: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт»,— деген сөздөрүн эстеп жүр (Матай 6:24). Ким сенин мырзаң болорун өзүң чечесиң. Ал Жахаба болсун. Туура эмес каалооң канчалык күчтүү болбосун, ага алдырар-алдырбасыңды өзүң чечесиң (Галатиялыктар 5:16).

 Кеңеш: Күчтүү жактарыңды да, алсыз жактарыңды да аныктап ал. Сенин жаман жактарыңды жашырып, жакшы жактарыңды ашырган адамдар менен дос бол. Жаман иштерге азгырган кишилерден, жерлерден жана жагдайлардан оолак бол (Забур 26:4, 5).

 Жардам керекпи?

 Ынтаңды жалындата бер

 Негизги аят: Жалкоолонбошуңар үчүн аягына чейин тырышчаактык көрсөткүлө (Еврейлер 6:11, 12).

 Бул эмнени билдирет? Кылып жаткан ишине көңүл топтобогон кишинин ынтасы бат эле басаңдап, жалкоо болуп калат.

 Кандай болушу мүмкүн? Чөмүлгөндөн кийин кубанычың койнуңа батпай, жалындап тургансың. Жахабага болгон сүйүүң да ашып-ташып турган. Бирок бир нече убактан кийин бардык нерседе Жахабага баш ийүү оңой эмес экенин байкашың мүмкүн. Ошонун айынан көңүлүң чөгүп, ынтаң сууй башташы ыктымал (Галатиялыктар 5:7).

 Эмне кылсаң болот? Кээде өзүң каалабасаң да, туура иштерди кыла бер (1 Корунттуктар 9:27). Ошол маалда асмандагы Атаңды жакшыраак таанып-билип, бат-баттан тиленип, ага жакындай бер. Ошондой эле ага кызмат кылганды жакшы көргөндөр менен да достошо бер.

 Кеңеш: Жахаба сени аябай жакшы көрөрүн жана жардам бергенге даяр экенин унутпа. Ынтаң убактылуу сууп калса, Жахабанын сенден көңүлү калып калбайт. Мындай ойдон алыс бол. Ыйык Китепте: «Ал чарчаганга күч берет, алсыраганга кубат берет»,— деп жазылган (Ышая 40:29). Жахаба жумшаган аракетиңе батасын берет. Натыйжада убакыттын өтүшү менен кайрадан жалындап кызмат кыла аласың.

 Жардам керекпи?

 Жыйынтык. Эгер кынтыксыздыгыңды сактасаң, Жахабанын жүрөгүн кубантасың (Накыл сөздөр 27:11). Ал анын тарабын ээлегениңди көрүп сүйүнөт жана Шайтандын чабуулдарына каршы турганга эмне керек болсо, ошонун баарын берет.