Мазмунун көрсөтүү

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Музыканы тандап угушум керекпи?

Музыканы тандап угушум керекпи?

 «Эртең менен турарым менен музыка коём. Машинеде баратканда да, эс алып жатканда да музыка угам. Үйдү жыйнаганда, атүгүл китеп окуп жатканда да музыка коюп алам. Айтор, музыкасыз тура албайм» (Карла).

 Сен да, Карлага окшоп, музыканы аябай жакшы көрөсүңбү? Эгер ошондой болсо, бул макала сага кызыктуу болору шексиз. Макалада музыканын кандай пайдасы, зыяны бар экени жана аны канткенде акылдуулук менен тандаса болору айтылат.

 Пайдасы

 Музыканы тамакка салыштырса болот. Пайдалуу тамакты чени менен жегенде ден соолук чыңдалат. Музыка тууралуу да ушуну айтууга болот. Мисалы,

  •   Маанайды көтөрөт.

     «Маанайым чөгүп турганда жакшы көргөн ырымды угам, ошондо баарын унутуп жеңилдей түшөм» (Марк).

  •   Жагымдуу учурларды эске салат.

     «Кээ бир ырлар кайсы бир жагымдуу учурларды эске түшүрөт. Ошондуктан аларды укканда жыргап калам» (Шейла).

  •   Адамдарды бириктирет.

     «Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн эл аралык жыйынына баргам, ошондо жыйынга келгендердин баары соңку ырды ырдаганда, жүрөгүм ушунчалык козголгондуктан көзүмө жаш алгам. Биз ар кандай тилдерде сүйлөсөк да, музыка баарыбызды бириктирип турду» (Тами).

  •   Жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет.

     «Кайсы бир аспапта ойногонду үйрөнүп жатканда сабырдуу, чыдамдуу болгонго да үйрөнөсүң. Анткени ал аспапта дароо эле чебер ойноп кетпейсиң да. Кайра-кайра машыгышың керек болот» (Анна).

 Билесиңби? Ыйык Жазманын эң чоң китеби, Забур китеби, 150 ырдан турат.

Тамакты тандап жегендей эле, музыканы да тандап ук

 Зыяны

 Айрым музыкалар бузулган, уулуу тамакка окшош. Кел, кандайча экенин карап көрөлү.

  •   Көптөгөн ырларда жыныстык адеп-ахлаксыздык ачык эле айтылат.

     «Көптөр жактырган ырлардын дээрлик баары адеп-ахлаксыздык жөнүндө. Жалаң эле ошо жөнүндө ырдап калышты» (Хана).

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун» (Эфестиктер 5:3). Андыктан: «Мен уккан ырлар ушул кеңешке ылайык иш кылышыма жолтоо болбойбу?» — деп ойлонуп көр.

  •   Айрым музыкалар маанайды чөгөрөт.

     «Кээде түн ичинде кайгылуу ырларды угам, анан көңүлүм катуу чөгүп, жаман ойлор каптай баштайт» (Тами).

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат» (Накыл сөздөр 4:23). Ошо себептен: «Тандаган ырларымды угуп жатканда, капаланып, жаман нерселер жөнүндө ойлой бербейминби?» — деп ойлон.

  •   Айрымдары ачуулуу болууга түртөт.

     «Ачык айтсам, ачууну козгоп, өзүңдү жек көрүүгө түрткөн ырларды жактырам. Ошондой музыкаларды уккандан кийин башкача боло түшкөнүмдү сезем. Муну үйдөгүлөр да байкайт» (Жон).

     Ыйык Китепте эмне деп айтылат? «Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын» (Колосалыктар 3:8). Ошондуктан: «Жактырган ырларымды уккандан кийин ачууланып, атүгүл мерез боло түшпөймүнбү?» — деп ойлонуп көр.

 Кандай жыйынтык чыгарууга болот? Музыканы тандап ук. Жули деген өспүрүм кыз: «Ырларымды дайыма текшерип, орунсуздарын жок кылып турам. Мындай кылуу кээде оңойго турбайт, бирок ошенткеним туура болорун билем»,— дейт.

 Тара деген жаш кыз да ушундай кылат. Ал мындай дейт: «Кээде радиодон жакшы музыка берилип калат, бирок сөзүн тыңшаганда, башка каналга которуш керектигин түшүнөм. Андайда, чынын айтсам, таттуу токочту бир тиштеп, ар жакка коюп койгондой эле сезимде болом. Бирок жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндөгү ырларды уга берсем, акыры ошол ишке барышым мүмкүн да. Андай музыкаларды угуу зыяндуу экенин унутпашым керек».